А. Жапаров менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.

“Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Армениянын борбору Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Мохаммад Реза Ареф кеңейтилген жыйында сүйлөгөн сөзүндө Иран ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгү үчүн Перс булуңундагы портторун берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү