Бангладештеги башаламандык: кеминде 300 адам каза болуп, премьери өлкөдөн чыгып кетти

Бангладештеги башаламандыктарда кеминде 300 адам каза болду. Алардын 94ү жекшембиде каза болгон.

Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги полиция, дарыгерлерге жана бийликтерге шилтеме берүү менен кабарлады.

Жергиликтүү Daily Star гезити мурдараак Бангладеште жекшемби күнү күндүзгү тополоңдо каза болгондордун саны 93кө жеткенин, анын ичинде 14 полиция кызматкери болгонун билдирген.

Өлкөдөгү башаламандыктардан улам Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин “News18” X социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

“Хасина отставкага кетти, ал өлкөдөн чыгып, Финляндияга кеткен болушу мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин шейх Хасина эжеси менен Ганабхабан сарайынан коопсуз жерге кеткени кабарланган. Ошол эле маалда миңдеген демонстранттар премьер-министрдин резиденциясына кирип келишкен.

Шейх Хасинанын отставкасы тууралуу маалыматты армиядагы Reuters булактары тастыкташты. “News18” телеканалынын маалыматына караганда, премьер-министр Индиянын Агартала шаарына барган.

Бангладеш армиясынын башкы командачысы Вакер-Уз-Заман өлкөдө убактылуу өкмөт түзүлө турганын билдирди.

Бангладеште мамлекеттик жумуш орундарына квота системасына каршы массалык нааразылык акциялары бир нече аптадан бери уланууда жана “Студенттердин дискриминацияга каршы кыймылы” бийликтер менен көп күндүк «кызматташпоо акциясын» жарыялагандан кийин жекшембиде күч алган.

Студенттердин полиция жана өкмөттүн жактоочуларынын кагылышуусу баш аламандыкка айланган.

Өкмөт Даккада жана башка шаарларда коменданттык саат киргизип, 5-августтан 7-августка чейинки күндөрдү бүткүл өлкө боюнча эс алуу күндөрү деп жарыялаган.

Акциянын катышуучулары 1971-жылы Бангладештин Эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик жумуш орундарынын 30% сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылууда. Алар системаны дискриминациялык деп атап, бул “Авами Лигасы” көз карандысыздык кыймылын жетектеген шейх Хасинанын тарапкерлерине пайда алып келерин айтышууда.

2017-жылы Бангладеш өкмөтү студенттердин массалык нааразылык акцияларынан кийин квоталарды убактылуу токтоткон, бирок ушул жылдын июнь айында Жогорку сот 1971-жылкы ардагерлердин жакындарынын талаптарын канааттандырып, квоталарды калыбына келтирген.

Бул нааразылыктын жаңы толкунун жаратты.

Комментарий жиберүү