ХАМАСтын лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Катардын жетекчилиги жана чет өлкөлүк расмий адамдар катышты

Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын сөөгү 2-августта Катардын борбору Доханын түндүгүндөгү Лусаил шаарындагы көрүстөнгө коюлду.

Маркумду жерге берүү аземине расмий өкүлдөр, Катардын королдук үй-бүлө мүчөлөрү анын ичинде Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани жана Ханиянын өз үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Катарга Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф жана Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, ХАМАСтын чет өлкөдөгү бардык жетекчилиги келген. Анын ичинде кыймылдын Саясий бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу деп аталган Халед Машал да бар.

1 of 9

-+

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты шаардын борборунда жайгашкан өлкөнүн башкы мечити болгон Имам Мохаммед бин Абдель Ваххабда уюштурулду. ХАМАСтын лидери менен кошо каза болгон анын жансакчысы дагы ошол күнү жерге берилди.

Хания менен коштошууга миңдеген адамдар чыгышты.

1-августта Тегеранда Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, ага он миңдеген киши катышкан. Андан соң Ханиянын сөөгү Ирандан Катарга алынып келинген.

31-июлда палестиналык ХАМАС кыймылы уюмдун Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегерандагы резиденциясына Израилдин соккусунан улам каза болгонун кабарлаган. Ал Иранга жаңы президенттин  инаугурациясына катышуу үчүн келген. Кыймыл Ханиянын өлүмү үчүн Израиль менен АКШны айыптап, кол салуу жоопсуз калбасын билдирген.

Комментарий жиберүү