Даккада мамлекеттик жумушка алууда киргизилген квота системасына каршы студенттердин нааразылык акциялары болуп жатат. Студенттедин, полиция жана өкмөттүн тарапкерлеринин кагылышуусу баш аламандыкка чейин алып келди.
Нааразычылык акцияларынын катышуучулары 1971-жылы Бангладештин эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30%ы сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылышууда. Алар бул жеңилдик өкмөт башчынын тарапташтарына гана пайда алып келерин айтышууда.
2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы быйыл июнь айында жергиликтүү сотто кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутантып, башаламандыкка чейин алып келди.
Толкундоолор Даккада башталып, 4-августта “Студенттердин дискриминацияга каршы кыймылы” бийликтер менен көп күндүк «кызматташпоо акциясын» жарыялагандан кийин бүтүндөй өлкөгө жайылган.
Нааразычылыктар башталгандан бери кеминде 105 адам каза болгону маалымдалды.
Миңдеген демонстранттар Бангладештин премьер-министри шейх Хасинанын сарайына чабуул коюшту, ал башаламандыктардын фонунда резиденциясынан чыгып, өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды.
Башаламандыктарды нкатышуучулары Азык түлүк министри Садхан Чандра Мажумдердин үйүн талкалап салышканын Dhaka Tribune басылмасы маалымдады.
Буга чейин басылма Даккада тополоңчулар өлкөнүн ички иштер министри Асадуззаман Хандын үйүн талкалап салышканын жазган.
Нааразычылыкка чыккан адамдар ошондой эле өлкөнүн түндүгүндөгү Шерпур райондук түрмөсүнө кирип, өрт коюшкан. Абактан 500дөй туткун качып кеткенин UNB басылмасы билдирди.
Тополоңчулар “Авами Лигасынын” саясий партиясынын лидери жана премьер-министр Шейх Хасинанын отставкага кетишинен кийин бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттарын жана бир катар өкүлдөрүнүн үйлөрүн талкалашты.
Бангладеш армиясынын башчысы Вакер-Уз-Заман Бангладеште бардык партиялардын катышуусу менен убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыялады.
Уз-Заман Бангладештеги бардык зордук-зомбулукту токтотууга чакырып, убактылуу администрация нааразылык акцияларынын учурундагы бардык өлүмдөрдү иликтөөдө адилеттүүлүктү камсыздай турганын убада кылды.
Буга чейин Бангладештин президенти Шахабуддин Чуппу элге телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда парламент тарай турганын жана оппозициялык Бангладеш улутчул партиясынын төрагасы Бегум Халед Зияны абактан токтоосуз бошотуу чечимин жарыялаган. Ал 2018-жылы пара алуу боюнча соттолуп, бирок бир жылдан кийин ден соолугунун начарлашына байланыштуу ооруканага которулган.
Бангладештин өкмөтү Даккада жана өлкөнүн башка шаарларында саат 18.00ден кийинки билдирүүгө чейин коменданттык саат киргизди. Дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү өлкө боюнча дем алыш күндөрү деп жарыяланган.