Барселона Израиль менен бардык байланышын токтотту

30-май, жума күнү Барселонанын муниципалдык кеңеши Израиль менен болгон маданий жана башка бардык байланыштарды толугу менен үзүү тууралуу чечим кабыл алды.

Ошондой эле, Тель-Авив менен “шаарлар-тууган” тууралуу макулдашуунун иши токтотулат, мунун баары Газа секторунда палестин элинин адам укуктары жана эл аралык укук толугу менен сакталышына чейин уланмакчы.

Newsru.co.il билдиргендей, бул чечим учурдагы Израиль өкмөтү менен бардык мамилелерди токтотууга жана Израиль менен байланышкан компаниялар менен кызматташууну толук токтотууга чакырат. Ага кошо, Израилге курал алып барган кемелердин Барселона портуна киришине тыюу салуу чарасы да киргизилди.