Беларустагы шайлоого КМШнын жети өлкөсүнөн байкоочулар катышат

26-январга белгиленген Беларустагы шайлоого КМШнын жети өлкөсүнөн 296 байкоочу аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен байкоочулар курамына 40 киши кирет.

Бул тууралуу Беларусь президентин шайлоо боюнча КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Сергей Лебедев Жодино шаарындагы иш сапарынын алкагында билдиргенин БЕЛТА агенттиги жарыялады.

Маалыматта белгиленгендей, КМШнын байкоочулары өз миссиясын 18-декабрда баштаган.

Лебедев байкоочулар шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен жолугуп, шайлоо участкаларын карап чыгышканын белгиледи.

“Биздин эл аралык байкоочулар тобуна КМШнын жети өлкөсүнөн келген байкоочулар кирет. Булар Борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилери, белгилүү парламентарийлер, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын курамындагы  байкоочулар тобу. Ошондой эле КМШнын белгилүү дипломаттары, кызматкерлери жана элчиликтер. Ошон үчүн биздин баа объективдүү деп айтабыз. Анын үстүнө басма сөз менен баарлашканымда мен дайыма баса белгилеп айтам: биздин көз карашыбыз терең, объективдүү. Эң негизгиси шайлоону уюштуруу Беларустун мыйзамдарына ылайык болушу керек”, – деп кошумчалады миссиянын башчысы.

Эскерте кетсек, Беларустун азыркы өлкө башчысы Александр Лукашенкону кошкондо президенттик кресло үчүн беш талапкер ат салышууда.

Өлкө Конституциясына ылайык, мамлекеттин жетекчиси беш жылга шайланат. Ушу тапта өлкө аймагында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өтүүдө.

Шайлоонун жыйынтыгын БШК 5-февралга чейин жарыялашы шарт.
Шайлоонун талаптарына ылайык эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын добушунун 50 пайызын ала албаса, анда экинчи тур жарыяланат.

Лукашенко өлкөнүн биринчи президенти болуп келип, буга чейинки алты шайлоодо тең жеңип чыккан.