Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко “Беларусь Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Бул мыйзам өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө, өзгөчө милиция кызматкерлерине митинг жана массалык башаламандыктардын катышуучуларына каршы согуштук жана атайын шаймандарды колдонууга укук берет. Бул тууралуу өлкөдөгү жергиликтүү басма сөз каражаттары маалымдашты.
Мыйзамда полиция кызматкерлери эгерде курал колдонуу ушул органдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылса, куралдарды жана атайын техниканы колдонуунун натыйжасында келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.
Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалыматка ылайык, тынчтыкты сактоо максатында мындай учуларда (митинг, акция) видео, сүрөткө тартууга дагы тыюу салынган.
Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.