Белгилүү орус философу: Иран аймактагы эң ийгиликтүү өлкө

Белгилүү орус философу Александр Дугин Ирандагы Ислам революциясынан кийинки окуяларга баа берип, Иранды Ислам дүйнөсүнүн душмандарынын кысымдарына карабастан аймактагы эң ийгиликтүү өлкө деп атады.

Дугин бул тууралуу Орусия өткөн Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгына жана Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш чаранын алкагында IRNA агенттигине берген маегинде билдирди.

“Иран өлкөсү Ислам революциясынан кийин Улуу Аятолла Хомейнинин идеяларына таянып, өзүнүн салттуу баалуулуктарына кайтуу менен жаңы тармактарда укмуштуудай өнүгүүлөрдү жасай алды”, -деди ал.

Орусиялык ойчулдун айтымында, Иран кырк жылдан ашык убакыттан бери Ислам дүйнөсүнүн душмандарынын – Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына жана бүт каршылыктарына туруштук берип, өзүнүн өнүгүү процессин улантты.

“Ушул көз караштан алганда, Иран баалуулуктарды, руханиятты жана ишенимди коргоо боюнча башка өлкөлөргө үлгү”,- деди Дугин.

Ислам революциясынын 46 жылдыгын жана Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнүн белгилөө аземи 10-февраль күнү кечинде Москвада болуп өттү.

Ага Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали, Орусиянын Энергетика министри Сергей Цивилев жана эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кызматташтык комиссиясынын орус тараптын башчысы катышып, сөз сүйлөштү.

Салтанатка ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, Мамлекеттик Думадагы «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын башчысы, ошондой эле Орусиянын башкы прокурору, ар кайсы өлкөлөрдүн элчилери, дипломаттар жана аскер атташелери баш болгон бир катар орусиялык расмий өкүлдөр катышты.

Иш чаранын алкагында Иран Ислам Республикасынын илим жана технология тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтүп, катышуучулар тарабынан жакшы кабыл алынды.

Ошондой эле иш чаранын коноктору ирандык музыканттын сантур аспабында ойноосунун коштоосунда Ирандын кол өнөрчүлүк эмгектерине күбө болушту.

Белгилей кетсек, Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгы белгиленип жатат. Мындан 46 жыл мурда, тагыраагы 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.