Белгилүү укук коргоочу Т. Акун БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды

Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтотуу үчүн БУУга, дүйнө лидерлерине кайрылды.

Ал эгер тез арада бул эки элдин ортосундагы жаңжал тынчтык жолу менен чечилбесе, анда үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетип, бүтүндөй адамзаттын башына каран түн түшүп калуу коркунучун да эскертти.

Улуттар Уюмуна
Дүйнө лидерлерине

Кайрылуу

Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү!

Урматтуу Америка, коллективдүү Батыш, Кытай жана азыркы абалга кайдыгер эмес башка дүйнө мамлекеттеринин лидерлери!

Россия Федерациясы менен Украинанын жана башка өлкөлөрдүн ортосунда болуп жаткан согуштар Бириккен Улуттар Уюмун жана башка дүйнө мамлекеттерин кайдыгер калтырбашы керек.

Айрыкча Орусия менен Украинанын ортосундагы кандуу жаңжал бул эки мамлекеттин элдерин эле эмес, бүткүл дүйнө элдерин бушайманга салып турган учуру.

Бул согуштун келип чыгышына жалгыз эле Орусия жана Украина күнөөлүү болбостон, Америка жана коллективдүү Батыш мамлекеттери да күнөөлүү экендиги дүйнө коомчулугуна белгилүү. Америка жана Батыш мамлекеттери башынан эле Украинанын ички ишине одоно кийлигишип, аларды Орусияга каршы багыттап, ушул максатта НАТОго, Евросоюзга мүчө кылуу демилгесин көтөрүп чыгып, 2014-жылкы болгон Майдандагы түстүү революцияны каржылап, эл тарабынан шайланган мыйзамдуу Президенттин куулуп чыгышына шарт тузүшкөн.

Анан Америка башында турган Батыш мамлекеттери ошол эле 2014-жылы батыштын көз карашын чагылдырган Украин Президентин шайлатууга катуу таасир көрсөтүп, максатына жетишти.

Мына ошондон баштап Орусия менен Украинанын ортосунда мамлекеттер аралык мамиле начарлап, Крым аннексияланып, Донецк менен Луганск облусттары Украинадан бөлүнүп чыгып, өз алдынча мамлекеттерди түзүү аракеттерин көрүштү.

1999-жылы жана 2004-жылы Орусия мамлекети НАТОнун чыгышка кеңейип бара жатканы боюнча бир нече ирээт эскерткен. Бирок Америка жана Батыш мамлекеттери буга көңүл да бурган жок. Ал эми адегенде Америка “Украина НАТО го мүчө болбойт, биз аны албайбыз”,- деп убада берген менен алар сөзүнө турбай, 2021-жылы Украина НАТОго мүчө болгондой эле деңгээлдеги абалга жетти.

2017-жылдан баштап Америка жана Батыш мамлекетттери Украинаны курал менен камсыз кылып, алар берген дрондор Орусиянын чек арадагы аймагын бомбалай баштады.

Англиянын кемелери Орусянын чек арасын бузуп, Кара-Деңизге кирип келиши, орустарды ого бетер чочутту.

Мындан тышкары, Американын учак күчтөрүнүн Орусиянын аймагына 13 км. жакын учуп өтүп турушу, алардын тынчын алды.

Украина болсо, Америка менен Батыш мамлекеттеринин таасирине кирип, алардын айтканын кыйшаюсуз аткарып, бөлүнүп кеткен Донецк жана Луганск облусттарын кайра Украинага кошуп алууга, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракеттерди көрбөстөн, тескерисинче, сегиз жыл бою орусиячыл болуп кеткен облусттардын аймагын аткылап, адамдарын өлтүрүп, аларды өзүлөрүнөн алыстатып, каршы коюп келди.
Ошентип акыры 2022-жылы 24-февралда дүйнөнү дүңгүрөткөн Орусия менен Украинанын ортосунда кандуу согуш башталды.

Бириккен Улуттар Уюму да Америка менен коллективдүү Батыш мамлекеттеринин мындай мыйзамсыз, туура эмес, эл аралык укукка каршы келген аракеттерин токтотуп коюуга аракет кылбастан, көрмөксөн жана билмексен болгону өтө өкүнүчтүү.

Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга баа берүүдө да Бириккен Улуттар Уюму бир жактуулукка жол берип, жалгыз гана Орусияны күнөөлөп добуш берип жатышы жакшы эмес. Согуштун чыгышына Орусия менен Украина эле эмес, Америка жана коллективдүү Батыш да бирдей деңгээлде күнөөлүү экендигин так айтышыбыз керек.

Бириккен Улуттар Уюму, дүйнөнүн бардык мамлекеттери бир муштумдай биригип, бардык күчтү жумшап, азыр болуп жаткан Орусия жана Украина согушун токтотушу учурдун талабы.

Бирок ошол эле Америка, коллективдүү Батыш жана алардын таасирине кирген башка мамлекеттер биригип, Украинаны болуп көрбөгөндөй куралдандырып, млрд.даган акчаларын берип, согушту токтотуунун ордуна отко май куюп, кайрадан тутандырып жатышат.

Мындай аракеттер эч качан жакшылыкка алып барбайт.

Ушундай глобалдык өзгөрүулөр жүрүп жаткан оор кырдаалда Кытай элдик Республикасынын туруктуу позициясы, көз каранды эмес аракети сыйлоого татыктуу. Бирок Америка жана Батыш мамлекеттери “Тайванга жардам беребиз”- деген шылтоо менен Кытайдын да ички ишине кийлигишип, Украина сыяктуу эле Тайванды куралдандырып, ага саясий жана экономикалык жактан кысым көрсөтүп жатканы өкүнтөт. Ал жакта да согуш чыгып кетүү коркунучу сакталууда. Ошентип Америка жана анын сөзүнөн чыга албаган мамлекеттер Европада эле эмес, Азия чөлкөмүндө да от менен ойноп жаткан учуру.

Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынан, дүйнө лидерлеринен суранаарым, жеке амбициялардын баарын жыйыштырып, жер шарында согуштун отун тутантуунун ордуна дүйнөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдүн башын бириктирип, санкция аркылуу кысым көрсөтүү жолу менен эмес, тескерисинче, Орусия менен Украинанын саясий жетекчилигин бир столго отургузуп, сүйлөшүү аркылуу гана согушту токтотуу азыркы мезгилдин талабы. Тынчтыкка жетишүү үчүн БУУ жана дүйнө лидерлери өзүлөрүндө болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуусу зарыл.

Бул согуштун токтотулушу, санкциялардын алынышы дүйнө мамлекеттеринин алдыга карай өнүгүшүн камсыз кылып, экономикалык байланыштардын баарын кайрадан жандантып, миллиондогон качкындардын кайра өз мекенине келүүгө шарт түзүп, талкаланган шаарларды жана айылдарды кайрадан куруп, дүйнө элинин турмушун болуп көрбөгөндөй жеңилдеткен болоор эле.

Эгерде дүйнө лидерлери жана Бириккен Улуттар Уюму Орусия жана Украин согушун токтото албай, аны азыркыдай кайрадан күчөтсө, анда үчүнчү дүйнөлүк согуштун келип чыгуу коркунучу күчөп, дүйнө мамлекеттеринин башына каран түн түшүү трагедиясы жакындайт.

Ушунчалык бийик өнүгүү цивилизациясына жеткен адамзат буга түк да жол бербеши керек.

Сиздерди сыйлоо менен

Турсунбек Акун,

Борбордук Азия мамлекеттериндеги
адам укуктары боюнча Конгресстин
Координатору,
Кыргызстан Укук Коргоо
Кыймылынын төрагасы 

Комментарий жиберүү