Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарына массивдүү соккуларды  урууда. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла каза тапкан.

Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктаган.

“Хезболла” кыймылынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу Батыш Азиядагы бир катар өлкөлөр Израилдин бул аракетин айыптап, Ливан элине жана “Хезболла” кыймылына көңүл айтып жатышат.

Палестина 

Палестинанын улуттук администрациясынын лидери Махмуд Аббас ишемби күнү ливандык “Хезболла” кыймылына анын баш катчысы Хасан Насрулланын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтканын палестиналык WAFA агенттиги жазды.

«Ишемби күнү Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас Ливан “Хезболласына” анын баш катчысы шейх Хасан Насрулланын шейит кеткенине байланыштуу көңүл айтты», — деп жазат агенттик.

Аббас ошондой эле Ливандын өкмөтүнө жана элине Израилдин соккусунан курман болгон карапайым калктын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Иран

Ирандын бийлиги Хасан Насрулланын өлүмүнө алып келген израилдик режимдин кылмыштуу жана ырайымсыз чабуулун айыптап, өлкөдө беш күндүк аза күтүү жарыялады.

Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Хасан Насралланын шейит болушуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, Ливандын элине,  “Хезболланын” ар бир мүчөсүнө, бүт каршылык фронтуна, Ислам Үммөтүнө жана бул окуяда шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтып, өлкөдө беш күндүк аза күтүү жарыялады.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да Насрулланын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, Израиль кылмышты жасоо менен эч кандай эл аралык нормаларды карманбай турганын дагы бир жолу далилдегенин билдирди.

Пезешкян “Хезболланын” лидерин жок кылуу буйругун Израилге АКШ бергенин  айтты.

“Эл аралык коомчулук бул теракт боюнча буйрук Нью-Йорктон берилгенин унутпайт. Америкалыктар Израилге жардам көрсөтүүдөгү өздөрүнүн катышуусун четке кага албайт”, – деди иран президенти.

Иракта үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Ирактын премьер-министри Мухаммед ал-Судани Израилдин соккусунан каза болгон “Хезболланын” башкы катчысынын элесине Иракта үч күндүк жалпы аза күтүү жарыялоого буйрук бергенин өкмөт башчынын басма сөз кызматы ишемби күнү билдирди.

“Ирактын премьер-министри Мохаммед аль-Судани Хезболланын баш катчысы Хасан Насралла жана анын шериктеринин кылмыштуу сионисттик агрессиядан каза болгондугуна байланыштуу Ирак боюнча үч күндүк жалпы аза күтүү жарыялоого буйрук берди”, — деп айтылат маалыматта.

ХАМАС 

Палестиналык ХАМАС кыймылы Насрулла каза болгондон кийин Ливандын “Хезболла” кыймылы менен бирдиктүү фронт жарыялады.

“ХАМАС исламдык каршылык көрсөтүү кыймылы “Аль-Акса топон суусу” согушунда жана Иерусалим  жолунда өзүнүн бир топ кесиптеш- лидерлери менен бирге шейит болуп кеткен “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулланын шейит болушуна байланыштуу Палестина эли, араб жана ислам элдери жана дүйнөнүн эркин эли менен бирге аза күтөт, ошондой эле Палестина элинин колдоосун билдирет”, – деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.

ХАМАС кыймылдын мүчөлөрү эми Аль-Акса мечитин коргоо үчүн “Хезболла” менен бирге турушу керек экенин кошумчалашты.

Сирия 

Сирия да Израилдин кылмыштуу аракетин кескин айыптап, боордош Ливанга көңүл айтты.

Дамаск Ливандагы “Хезболла” кыймылынын лидери Хасан Насрулланын өлтүрүлүшүнө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай кесепеттер үчүн толук жоопкерчиликти Тель-Авивге жүктөйт, деп билдирди Сириянын тышкы иштер министрлиги.

Хуситтер

Йемендик “Ансар Аллах” (хуситтер) кыймылынын өкүлү Мохаммед Абдель Салям улуу лидер Хасан Насрулланын каза болгондугуна байланыштуу “Хезболланын” тарапташтарына жана дүйнөдөгү башка боштондук кыймылдарына көңүл айтты. Анын сөздөрү кыймылдын Telegram-каналында келтирилген.

Ал Насрулланын өлүмү “анын бир туугандарынын рухун алсыратпарын, тескерисинче, акыркы жеңишке чейин каршылык жана жихад жолун улантууга күч-кубат берерин кошумчалады.

Россиянын муфтийлер кеңеши

Хасан Насрулланын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Муфтийлер Кеңешинин төрагасы, башкы муфтий Шейх Равиль Гайнутдин да жолдоду.

“Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана биздин дин кызматкерлерибиздин атынан Ливан элине “Хезболлах” ислам кыймылынын лидери Хасан Насрулланын Бейрутта каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Акыркы күндөрү Израилдин аба соккуларынан курман болгон жүздөгөн ливандыктарга аза күтөбүз”, – деп айтылат Россиянын муфтийлер кеңешинин расмий сайтында жарыяланган жолдомодо.

Комментарий жиберүү