Сауд Арабиясы, Оман жана Катар Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) Иранга каршы жаңы соккулардан баш тартууга чакырууда. The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, Перс булуңунун өлкөлөрү мунай рыногундагы олку-солкулукка жана аймактык туруксуздукка тынчсызданып жатышат.
Араб мамлекеттери Иранга жасалган соккулар Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жаткан мунай танкерлеринин ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бири өтөт (Перс булуңунун баш жагындагы суу жолу).
«Саудиялык расмий өкүлдөр Тегеранды мүмкүн болгон жаңжалда кийлигишпей тургандыгына жана АКШга өзүнүн аба мейкиндигин сокку уруулар үчүн пайдаланууга жол бербесине ишендиришти. Бул АКШнын аракеттеринен алыстоого жана алардын алдын алууга багытталган», — деп айтылат басылманын материалында.
Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы кандай аракеттер көрүлөрү боюнча акыркы чечимди али кабыл ала элек экени айтылууда.