Бишкектеги Ирандын элчилигинде Ислам революциясынын 47 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Кечээ, 11-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын жеңишинин 47 жылдыгы жана Иран Ислам Республикасынын улуттук күнү салтанатуу белгиленди.

Быйыл Ислам революциясына 47 жыл толду. 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келип, 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, КР мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, диний ишмерлер, эксперттер, бизнес-коомчулук жана журналисттер катышты.

 

1 of 21

Салтанаттуу кечеде эсте каларлык дата белгиленип гана тим болбостон, эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктары да чыгарылды.

Куттуктоо сөзү менен Ирандын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари чыгып, 1979-жылдагы революциянын тарыхый маанисин баса белгилеп, улуттук майрамга катышкан конокторго ыраазычылык билдирди.

Элчи Ирандын бай маданий мурасына токтолуп, Иран менен Борбор Азияны бириктирген улуу ойчулдардын салымын белгиледи:

«Терең тарыхы, бай маданияты, поэзиясы, адабияты жана музыкасы бар өлкөлөр дүйнөгө Руми, Хайям, Ибн Сина, Абу Райхан Бируни сыяктуу көптөгөн даанышмандарды жана окумуштууларды тартуулаган. Алардын айрымдары Иран менен Борбор Азиянын жалпы мурасынын өкүлдөрү болуп саналат».

1979-жылдагы окуялар тууралуу айтып жатып, дипломат иран элинин максаттарын белгиледи:

«47 жыл мурун иран эли империялык системага каршы чыгып, эки улуу максатты көздөгөн. Биринчиси — ички зомбулукка каршы туруу, экинчиси — чет элдик үстөмдүккө каршылык көрсөтүү. Батыштагы айрым ЖМКлардын бир жактуу пропагандасы жана Иранды адам укуктарын бузган өлкө катары көрсөтүүгө аракет кылган терс үгүттөрү биздин өкмөт менен элдин көз карандысыздыгын сактоо жолун татаалдаштырууга аракет кылды. Бирок Иранга жок дегенде бир жолу барып көргөндөр айтылган кептер менен чыныгы турмуштун айырмасын көрүп, Ислам Республикасынын жетишкендиктерине таң калышты».

Ал ошондой эле Ирандын ар кыл тармактардагы жетишкендиктерине токтотуп, Ирандын өкмөтү жана эли Имам Хомейнинин насааттары менен илим, искусство, коргонуу, экономика, өнөр жай жана тынчтык максатындагы өзөктүк энергетика тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Мындан тышкары, Ирандын элчиси эл аралык коомчулук Батыш Азиядагы маанилүү окуяларга, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскерий агрессиясына, ошондой эле өлкө ичинде баш аламандык уюштурууга багытталган террордук топторду киргизүү аракеттерине күбө болгонун эске салды.

«Бирок мындай провокациялар жыйынтык берген жок. Ирандын Куралдуу күчтөрү мекенин коргоого толук даяр жана душмандарга унутулгус сабак берүүгө даяр! Иран эли да ар дайым Ислам революциясынын идеалдарын коргоого даяр», — деди ал.

Сөзүнүн соңунда Ядегари Ирандын дипломатияга берилгендигин баса белгиледи:

«Ислам Республикасы талаш-тартыштарды чечүүнүн артыкчылыктуу жолу катары чынчыл диалогду жана дипломатияны эсептейт жана эч качан согуштун демилгечиси болгон эмес жана болбойт дагы».

Иш-чарада Кыргызстан тараптан Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, Ислам революциясынын жеңишинин 47 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктады.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекем негизин белгиледи:

«1992-жылдын 10-майында дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери өлкөлөрүбүз бекем достук байланыштарды түзүп, өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрө алды. Бардык деңгээлдерде, анын ичинде мамлекет башчыларынын деңгээлинде активдүү байланыштар сакталууда».

Министрдин орун басары саясий жана экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурду:

«Кыргызстан менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда соода-экономикалык тармакта олуттуу потенциал бар. 2025-жылдын февраль айында Ирандын Биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошрудинин Бишкек шаарына сапары болуп, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Касымалиев, КР тышкы иштер министри Ж. Кулубаев жана экономика жана коммерция министри Б. Сыдыков менен жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды».

Ошондой эле Турсункулов ирандык саясатчылардын Кыргызстанга болгон сапарларын жана президенти Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрүнө токтолду.

«2025-жылдын август айында Ирандын Биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ариф Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга расмий сапар менен келип, анын алкагында КР президенти С. Жапаров менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Кыргыз-Иран биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын үзгүлтүксүз жыйындары маанилүү ролду ойнойт. Комиссиянын он төртүнчү жыйыны 2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарын жана чөйрөлөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди», – деди Турсункулов.

Мындан сырткары, ал логистикалык долбоорлорго да токтолуп, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн Бандар-Аббас шаарындагы “Шахид-Раджаи” деңиз портунда Кыргызстандын атайын логистикалык аймагын түзүү боюнча активдүү иш алып барып жатканы транспорттук-логистикалык кызматташуунун өнүгүшүндөгү маанилүү этап болгонун кошумчалады.

Салтанаттын соңунда символикалуу учур болду: Ирандын элчиси менен КР тышкы иштер министринин орун басары биргеликте майрамдык торт кесишип, бул Иран менен Кыргызстан элдеринин достугун, өз ара урмат-сыйын жана биримдигин билдирген белги катары кабыл алынды.