Бишкектеги ири кинофестивалга катышуу үчүн Ирандан делегация келди

10-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстанга келген Ирандын Маданият жана Ислам багыты министрлигинин кинематография жана аудиовизуалдык искусство боюнча уюмунун директору Мохаммад Хазаи Фадафан баштаган делегация менен жолугушту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул жолугушуу 2-Бишкек Эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүүчү Кыргызстандагы Иран кино жумалыгынын алкагында өтүп, ага Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари да катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Тимурлан Ажымалиев Ирандын президенти Сейид Ибрахим Раиси жана бир нече жогорку даражалуу адамдардын авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу жалпы Иран элине жана Маданият министрлигине көңүл айтты.

1 of 5

-+

Ал Иран киносу өзүнүн уникалдуу эстетикасы, терең сюжеттери жана таланттуу режиссерлору менен өзгөчөлөнөрүн, бул өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен таанышууда тасмалар абдан маанилүү роль ойнорун белгиледи.

“Иран кино күндөрүн уюштуруу кино адистери менен бирге жалпы коомчулуктун көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашууну мындан ары да өнүктүрөт деп ишенебиз”, – деди Ажымалиев.

Иран делегациясы өз кезегинде Маданият министрлигине жылуу тосуп алгандары үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө үчүн маданият жана кинематография жаатында биргелешип кызматташуу, тажрыйба алмашуу жөнүндө максаттарга кененирээк токтолушту.

“Ошондой эле, КР Маданият министрлигине Кинематография департаменти менен Ирандын Маданият жана Ислам багыты министрлигине караштуу кино жана аудиовизуалдык искусство маселелери боюнча уюмдун ортосунда кинематографиялык алмашуу жана кызматташуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлары макулдашылды”, – деп айтылат маалыматта.

Ажымалиев Меморандум Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болоруна ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек “Кыргызстандагы Иран киносунун күндөрү” 12-14-июнь күндөрү “Азия-Молл” соода борборунун кинозалдарында акысыз көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө Ирандын төрт көркөм жана бир анимациялык тасмасы тартууланат.

Комментарий жиберүү