Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары ишкерликти талкуулашты

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында “Борбор Азиянын экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик» темасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын  жыйыны өттү.

Иш чарага Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова келишти. Ал эми Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган делегация онлайн режимде катышты.

Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунда төрагалык кылган Жамиля Исаева аялдар туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө негизги ролду жаратарын белгилеп, “Глобалдык санариптештирүү жана климаттык көйгөйлөр менен күрөшүү доорунда аялдардын негизги тармактык багыттарга катышуусуна көмөк көрсөтүү зарыл. Аялдар климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз гана болбостон, улуттук климаттык максаттарга жетүү үчүн маанилүү катышуучу болуп саналат. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү адилеттүүлүк гана эмес, экономикалык жактан да гүлдөп өнүгүү маселеси болуп саналат”,- деди.

Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Дания Еспаева салттуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө аялдардын санариптик, социалдык, экономикалык багыттарын илгерилетүүдөгү ролуна токтолуп, “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын экономикалык абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганы келдик. Казакстанда биринчи кезекте аялдардын экономикалык ролун жогорулатуу багытында чакан, орто ишкердик чөйрөсүнө колдоо көрсөтүлүп, учурда бул тармакта алардын орду 40%га жетти. Өзгөчө аялдардын ишкерлигин колдоо багытында өлкөбүздө 19 борбор ишке берилип, 9 миңге жакын айымдар түрдүү кызматтарды алышты. Мындан тышкары аялдардын ишкерлигин колдогон ар кандай программалар да ишке ашууда”- деди Дания Еспаева.

Бул жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова дагы катышты.

Комментарий жиберүү