16-мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын коомчулугу тарабынан уюштурулган “Бүткүл дүйнө эли – палестиналыктар менен бирге” деген аталышта конференция болду. Аталган иш чара белгилүү укук коргоочу, Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору Турсунбек Акундун демилгеси жана уюштуруусу менен жыл сайын Ыйык Рамазан айынын акыркы жума күнү Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү имам Хомейни тарабынан сунушталган “Аль-Кудс” күнүнө арналды.

Конференцияга Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдолреза Сейфи, Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Александр Аброскин, эл аралык коопсуздук маселелери боюнча эксперт, коопсуздук кызматынын полковниги Таалайбек Жумадылов, диний эксперт Канатбек Мурзахалилов, И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы теология коллежинин окутуучусу, Имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин кызматкери Асан Саипов, “Дил мүрөк” коомдук уюмунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов, белгилүү дин аалымы Дүйшөн Абдылдаев, Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышышты.
Иш чаранын башталышында алгач Палестинанын Газа тилкесиндеги бүгүнкү абал, Израиль армиясы тарабынан талкаланган туракжайлар, кыйын кырдаалда, ачарчылыкта жашап жаткан газалыктар тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Андан соң Т. Акун Паластинага арналган кеңири доклад жасап, эмне үчүн БУУнун Палестинанын аймагында эки мамлекет түзүү боюнча резолюциясына карабастан Израиль мамлекети гана түзүлүп, жетимиш жылдан ашык мезгилден бери Газада палестиналыктардын мамлекети түзүлбөй жаткандыгына токтолду.
Ирандын Маданий өкүлү Абдолреза Сейфи бүгүнкү күндө оор күндөрдү баштан өткөрүп жаткан иран элине колдоо көрсөтүп жаткан кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, өз өлкөсү эч качан Палестина мамлекетинин башына түшкөн кыйынчылыктарына кайдыгер боло албастыгын белгиледи. Ал эми А. Аброскин болсо өз өлкөсү, президент В. Путин БУУнун тиешелүү чечимин колдой тургандыгы боюнча билдирүүсүн окуп берди.

9 of 9

Андан соң баяндама жасаган Т. Жумадылов эл аралык коомчулук тарабынан да Газага көңүл бурулбай, бул маселени бир гана Иран Ислам Республикасы колго алып, жыл сайын Ыйык Рамазан айында “Аль-Кудс” күнүн өткөрүп, газалыктарга моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп келаткандыгына токтолсо, К. Мурзахалилов Иерусалим шаарынын дүйнөлүк үч негизги диндердин борбору экендигин, азыр ошол ыйык жерди ээлеп калуу аракети жүрүп жаткандыгын айтты. Ал эми дин аалымдары Өзбек ажы Чотонов, Д. Абдылдаев жана А. Саиповдор бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эки миллард мусулмандар бөлүнүп-жарылбай, бир муштумдай биригиши керектигин, ансыз мусулман өлкөлөрүнө да бүгүнкү күндө Израиль менен АКШ биргелешип кол салгандай агрессия жасалышы мүмкүн экендигин эскертишти. К. Ажибекова бүгүнкү күндө израилдик бийлик эч кандай эл аралык укукту тааныбай, күч көрсөтүү менен гана үстөмдүк жүргүзүп жатышкандыгын баса белгиледи.
Конференциянын жыйынтыгында Паластина элин колдоо, бул боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине, Президентке жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдарга кайрылуу жана газалыктарга гуманитардык жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү тууралуу Резолюция кабыл алынды.