27-мартта борбор калаадагы «София» мейманканасынын жыйындар залында палестиндерге тилектештик билдирген “Аль-Кудс” күнүнө карата “Палестина элинин трагедиясы, ар бир адамдын жүрөгүндө” деген темада тегерек стол болуп өттү.
Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – палестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү белгиленет. Аль-Кудус күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хоменейи тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күнү Иранда жана башка өлкөлөрдө палестиндерге тилектештик билдирген Израилге каршы демонстрациялар жана митингдер өтөт.
“Eurasia Today” агенттиги маалымдагандай, иш-чара Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Уюштуруу комитетинин төрагасы Турсунбек Акун тарабынан уштурулуп, максаты Израилдин Газадагы ырайымсыз согушунан курман болгон 48 минден ашык палестиналыктарды эскерүү жана Палестин элин колдоо болду.
Ага диний ишмерлер, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, Муфтияттын өкүлдөрү, активисттер, студенттер жана журналисттер катышып, сөз сүйлөштү.
Тегерек столдун катышуучулары Израилдин Газага каршы чабуулдарын айыптап, Палестина элине колдоо сөздөрүн билдиришип, соңунда бир добуштан Резолюция кабыл алышты.
Иш-чаранын ачылышында укук коргоочу Турсунбек Акун сөз сүйлөп, Газадагы жаңжалдын айынан набыт болгон 50 миңдей палестиналыктар үн катпай бир мүнөт туруу менен эскерилди.

Андан соң чоң экранда Палестина элинин күрөшүн жана согуштун кесепеттерин кыскача чагылдырган видео көрсөтүлдү.

Турсунбек Акун өз сөзүндө Палестина жергесинде 2023-жылдын 7-октябрынан бери тутунган жаңжалда бүгүнкү күнгө чейин 50 миңге жакын киши каза болуп, шаарлар талкаланып, 10 миллионго жакын палестиналык качкындар жер жүзүнө тарап, азыр дүйнөдө тозокко окшош учурлар пайда болгонун белгиледи.
Ал Газада болуп жаткан окуялар чоң трагедия экенин белгилеп, улуу Орозо айында кыргыз коомчулугу да четте калбай мусулман калкы жана дүйнө эле менен бирге өзүнүн патриоттук сезимин, ой-пикирин билдирүү үчүн бүгүнкү тегерек столго чогулуп отурушканын айтты.
Анын айтымында, Израиль Газага жерден, абадан жана суудан сокку рууп, анклав толугу менен талкаланып, азыркы тапта палестиналыктардын жашай турган жери жок. Бирок ошого карабастан палестиналыктар өз жерлеринен кетпей, ошол кыйраган шаарда ачык асман алдында ысык-суукка карабай күн кечиришүүдө. Газадагы кыйроолор Жо Байден АКШнын президенти болуп турганда болду, Дональд Трамп келгенде абал андан да курчуду.
“Трамп Газада корголоп турган эки миллиондой кишини Иорданияга жана Египетке күч менен көчүрөбүз деп жатат. Бул эмне деген шумдук, эмне деген кыянатчылык. 1947-жылдан бери кырылып келген мусулман палестин элин эми башка мамлекетке көчүрөбүз деп Иордания менен Египеттин жетекчилерин чакырып алып, коркутуп кабыл аласыңар деп жатышат. Бирок алар кабыл албайбыз деп, дүйнө коомчулугу, Израилден башка бир дагы мамлекет Трамптын бул демилгесин колдогон жок. Баары каршы туруп жатышат”, – деди укук коргоочу.
Ал белгилегендей, дүйнө коомчулугу, анын ичинде Кыргызстан да алыс болсо да, жөн эле турбашы керек, өз үнүн билдирип турушу керек. Эгерде дүйнө коомчулугу өз үнүн билдирип турса, аны менен бийлик эсептешпей койбойт.
1 of 11
-+

Анын айтымында, жакында эле Израиль ХАМАС кыймылы менен сураган туткундарды алмашуу боюнча келишпестиктен улам ок атышпоо келишимин буздуңар деп талкаланган Газага ХАМАСтын мүчөлөрүн бутага алып жатабыз деген шылтоо менен кайрадан чабуул жасай баштап, чоң трагедия уланууда.
“Трамптын Жакынкы Чыгыш, анын ичинде Палестина боюнча саясаты Байдендин убагынан да күчөп кетти”, – деди ал.
Турсунбек Акун ошондой эле Израиль бир гана Газага эмес, Сирияга, Иорданияга жана Йеменге да кол салып жатканын айтып, БУУнун тынчтык күчтөрү көзөмөлдөп турган Сириянын Голан дөңсөөлөрүн басып алганын кошумчалады.
Анын айтымында, Израиль, анын ичинде өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Голан дөңсөөлөрү боюнча БУУнун да, Коопсуздук кеңешинин да чечим кабыл алганына карабастан эч кимди укпай жатат, алар бир гана Американы угуп, алардын куралы жана колдоосу менен аймактагы өлкөлөрдү талкалап жатат.
Ал белгилегендей, Трамптын келиши менен саясат өзгөрүүдө, бирок Жакынкы Чыгышка болгон саясат өзгөрбөйт. Анткени “еврей лоббиси”, “Израиль лоббиси” деген бар. АКШнын президенттери акчалуу еврейлердин аркасы менен шайланышкандыктан, алардан көз каранды болуп калышат. Аларга Трамп дагы көз каранды, анткени анын шайланышына еврей коомчулугу чоң жардам берген.
Укук коргоочу Батышта ХАМАС, Хезболла жана Хуситтерди террорист деп каралап жатышып, дүйнө коомчулугунда ошондой түшүнүк жаралып калганын, бирок ал бул каршылык көрсөтүү кыймылдарын толук террористтер дегенге кошулбарын, алар эл арасынан чыккан палестиндер, эл колдогон, жерин коргогон патриоттор экенин белгиледи.
Акун кошумчалагандай, ХАМАС 7-октябрда Израилге каршы операция баштап, чечкиндүү кадамга барууга мажбур болушту, анткени аларды бомбалоосун карап тура алышкан жок.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү, профессор Клара Ажыбекова бүгүнкү күндө дүйнөдө Израиль, Америка, Батыштын өлкөлөрү жана батыштык цивилизация Чыгыш цивилизациясына – фашизм, геноцид расизм, дискриминация саясатын жүргүзүшөрүн айтты.
Анын айтымында, азыркы тапта Палестинада чыныгы геноцид болуп жатат. Ал жерде болуп жаткан окуялар боюнча аскердик трибунал түзүүгө болот.
“Империалисттик мамлекеттердин бүгүнкү күндө өздөрүнүн реакциялык көрүнүштөрүн таптакыр эч кимден жашырбай көрсөтүп турушат. Мунун баарын биз Сирия, Ливия, Ливан, Иордания, Ирак ж.б. жерлерден көрдүк. Негизи эле Батыш цивилизациясы Чыгыш цивилизациясын талкалап, жокко чыгарганга колунан келгендин баарын жасап жатат. Булардын “Терең мамлекет” деген түшүнүгүнүн концепциясы – жер жүзүндө элдер абдан көбөйүп жатат, элдерди азайтыш керек дешет. Алардын элдерди азайтуучу механизми – бул ар кайсы жерлерде түстүү революцияларды жасап, элдин баарын кыруу. Алар эң биринчиден Чыгыш цивилизациясын кырып жатышат. Өнүккөн Ирак, социализмге бара жаткан Сирия мамлекеттери бүгүнкү күндө эмне болушту, бийик деңгээлде жашап жаткан Ливия эмне болду, Муаммар Каддафини кандай өлтүрүштү?! Батыш цивилизациясынын эң негизги маселеси Чыгыш цивилизациясынын астындагы байлыктарын сатып албастан, бекер тартып алыш керек”, – деди Ажыбекова.
Ал иудаизм дининдеги “еврейлер Кудай тандап алган адамдар” деген түшүнүккө токтолду.
“Алар өздөрүн баарынан бийик коюшуп, башкаларды эң акыркы сорттогу адамдар деп эсептеп, өздөрү менен тең көрүшпөйт. Ушуну дайыма билип жүрүшүбүз керек. Биз дайыма Европа, Американын демократиясын, укуктугун үйрөнөлү дейбиз, бирок алар бизди дайыма үчүнчү, төртүнчү, онунчу сорттого адам деп эсептешет. Муну биз эч качан унутпашыбыз керек”, – деп билдирди профессор.
Ал АКШнын долларына сатылбай, Чыгыш цивилизациясы, араб мамлекеттери биригип геноцид, расизм, фашизмге каршы турушу керектигин баса белгиледи.
“Палестина мамлекетин түзүү – эң негизиги маселе, биз ошону талап кылышыбыз керек. Аларды өзүнүн жеринен көчүрүүгө эч кимдин укугу жок”, – деп сөзүн жайынтыктады Клара Ажыбекова.

Ал эми Муфтият тараптан келген Бишкек шаарынын казыятынын кызматкери, Борбордук мечиттин имамдарынын бири Марат уулу Баястан өз сөзүндө Муфтият дагы, Казыят дагы Газада болуп жаткан трагедияга көңүл кош карабай колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалга жана саясатка жараша иш алып барып жатканын белгиледи.
Ал жаштардын атынан сүйлөп, дүйнө жүзү боюнча, өзгөчө Европа мамлекеттеринде жаштар көтөрүлүп, Газада геноцид болуп жатканын айтып жаткан учурда, негизги чечүүчү орундарда отурган адамдардан чечкиндүү реакция болбой жаткандыгы өкүндүрөрүн айтты.
Анын айтымында, еврейлер өздөрүн баарынан жогору сезип, Аллахтын сүйүктүүлөрүбүз деп, башкаларды экинчи сорттогу адамдар деп, алар бизге кызмат кылышы керек деп эсептешет. Мындай түшүнүк алардын дининде жана ишениминде бар. Ал эми Ислам дининде бүт адамдардын укугу бирдей, улутуну жана уруусуна карабай баары бирдей.

Агартуучу Абдыбек Мамытовдун айтымында, Израиль-Палестина жаңжалы илгерден эле болуп келе жатат, ага жер маселеси себеп болууда.
Ал белгилегендей, АКШнын Газаны курортко айлантам дегени калп, алардын максаты ал жерде база куруп, жер байлыгы мунай жана газды үстүнөн карап туруу болуп саналат.

Диний жана коомдук ишмер Абдылдаев Дүйшөн ажы өз сөзүн БУУнун Нью-Йорктогу баш кенсесинде дүйнөлүк тилдерге которулуп, алтын тамгалар менен жазылып турган перс акыны Саадинин “Бир дене адам заты жаралган бек, Жаратып топурактан келтирген эп. Бир мүчө ал денеден запкы жесе, Зыркырайт тынчы кетип бүткүл дене” деген ыр саптарын окуу менен баштады.
Анын айтымында, еврейлердин өздөрүнүн чоң аалымдары, саясий жана коомдук ишмерлери кирген “Нетурей карто” деген эл аралык кыймылы бар. Алар бир нече кылымдардан бери Израиль мамлекетине каршы, Израил мамлекетинин түзүлүшү Кудайдын алдында кылмыш деп, арабдарды кууп чыгууну жана аларды өлтүрүүнү токтотууну талап кылып, сионисттердин бардык иш-аракеттерине каршы болуп келе жатат.
Ошондой эле диний ишмер тегерек столдо сунушталган Резолюцияга “Бүт дүйнө элдери тарабынан Израилге эмбарго салынсын”, БУУ тарабынан Израилдин кылмыштары “адам затка каршы кылмыш” деп таанылсын” жана “БУУнун куралдуу күчтөрү Изарилдин аскерий кылмыштарын токтотуу үчүн Израилге киргизилсин” деген пункттар менен толуктоону сунуштады.

Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова Газада дүйнө коомчулугунун көз алдында шумдук көрүнүш болуп жатканын, жылдап курулган кооз имараттар бир заматта күлгө айланган, бир ууч таштандыга айланып калгынан билдирди.
Анын айтымында, Газадагы согуштун кесепетинен канчалаган адамдын өмүрүнүн кыйылышы, күнөөсүз неристелердин жок болушу жанды титиретип, жүрөктү оозго кептейт.
“Энелердин атынан зордук-зомбулуктарды айыптаймын, биздин эң чоң байлыгыбыз бул тынчтык”, – деди Мамазаирова.

Укук коргоочу Бөрүбаева Гүлхан Газага тез аранын ичинде гуманитардык жардамдарды уюштурууну, жок дегенде ичүүчү суу, кийим-кечелерди чогултууну жана ага жаштарды тартууну сунуштады.
Укук коргоочу Анара Курманова Палестина элинин трагедиясы жалпы адамзаттык трагедия экенин билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө миллиондогон тонна бомбалар Палестинанын жерлерине түшүп жатат. Балдар, аялдар, кары-картаңдар жабыр тартып, кээ бир мамлекеттердин улуу оюнунда бейкүнөө адамдар өмүрүнөн ажырап жатат.

“Биз Палестина элине колдообузду билдиребиз. Ошондой эле кичинекей балдар бул дүйнөнүн кооздугун көрбөй көз жумуп жатканына өкүнөбүз. Күйөөсүн жана балдарын душман менен согушууга узаткан энелерге тилектештигибизди билдиребиз”, – деди ал.
Курманова ошондой эле бардык кызыкдар адамдар бул согуштун тез арада бүтүшүн каалап жатканын белгиледи.
“Биз азыр ушундай заманда, цивилизациялык агымда жашап жатабыз. Биз бул ноосферага жакындап жатабыз. Ошондуктан биздин аң-сезимибиз өзгөрүшү керек. Бүгүн биз бул согуштар эч бир адамга, эч бир мамлекетке бакыт жана жыргалчылык алып келбей турганын моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан, эгер биз азыр жашагыбыз келсе жана Кыргызстандын жана балдарыбыздын жакшы келечегин кааласак, анда биз ар кандай аскерий аракеттерди, бейкүнөө балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды өлтүрүүнү чындап айыпташыбыз керек», – деп сөзүн жыйынтыктады укук коргоочу.

Диний, коомдук ишмер Чотонов Өзүбек ажы Палестинанын жери 1916-жылдан бери тартылып келе жатканын, андан бери жерлер кыскарып отуруп 10 пайызы гана калганын белгиледи.
Анын айтымында, 100 жылдан ашык убакыттан бери еврейлер палестиндердин жерлерин басып, үйлөрүн тартып алып отуруп учурда 5-6 миллион палестин жери жок, үйү жок жер-жерлерде качкын болуп, тентип жүрөт.
“Алар Газадагы палестиналыктарды террорчулук үчүн айыптап, аларды жок кылууда, бирок чыныгы террористтер жана фашисттер өздөрү. Батышка Газанын гана эмес, бүтүндөй аймактын аймагы, бардык кен байлыктары жана байлыктары керек. Ал эми бүгүнкү күндө биздин коомчулук биригип, палестиналык бир туугандарыбызды коргоо үчүн бирдиктүү фронт катары биригип чыга албайт”, – деди ал.
Өзүбек ажы белгилегендей, палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы чыгуудан башка айласы калган жок. Анткени ар бир адам жеринди тартып алып жатса, үй-бүлөңдү, балдарыңды өлтүрүп жатса унчупай карап тура албайт, каршы чыгат, башка айласы жок.

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын мүчөсү, активист Сатина Бакашева эгер мындай мүмкүнчүлүк болсо, Газадагы согушта ата-энесинен ажырган балдардын бирөөсүн үй-бүлөсүнө алып, 18 жашка чейин багып чоңойтууга даяр экенин билдирди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар бир добуштан Резолюция кабыл алышты. Ал кыргыз, орус, англис жана араб тилдерине которулуп, ар кайсы мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга анын ичинде БУУ жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) жөнөтүлөт

Кабыл алынган Резолюция
1. Палестине жеринде болуп жаткан согуш токтотулуп,
тынчтык орносун.
2. Палестин элине карата Израиль тарабынан 1.5 жылга чукул убакыттан бери уланып келе жаткан согуш тезинен токтотулсун.
3. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп тарабынан сунушталып жаткан Палестина элин өз жеринен башка өлкөгө кууп чыгуу аракети “акылга сыйгыс” деп эсептелип, дүйнө коомчулугу тарабынан четке
кагылсын.
4. Палестина элине карата жасаган кыянатчылыгы үчүн Израилдин Премьер-Министри Бенямин Нетаньяху жана бул кылмышка күнөөлүү кызмат адамдары эл аралык кылмыш соту тарабынан жоопко тартылсын.
5. Палестина элинин мамлекеттүүлүгүн таануу боюнча дүйнө мамлекеттеринин чечимин толугу менен колдоого алынсын.
6. Бүт дүйнө элдери тарабынан Израилге эмбарго салынсын.
7. БУУ тарабынан Израилдин кылмыштары “адам затка каршы кылмыш” деп таанылсын.
8. БУУнун куралдуу күчтөрү Изарилдин аскрий кылмыштарын токтотуу үчүн Израилге киргизилсин.
9. Кыргызстандын жарандары жана коомчулугу тарабынан согуштан жабыр тарткан Палестин элине ар тараптуу жардам көрсөтүлсүн.
10. Израиль менен Американын Палестин элине кылган согуштук аракети тукум курут (геноцид) деп баалансын.
Иш-чаранын соңунда Куран окулуп, жалпы дүйнөнүн тынчтыгы, гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дубалар кылынды.

Материалды даярдаган: Айзат Асанакунова