“Болуп көрбөгөндөй чабуул”. Дүйнөлүк ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакция жасашты

Ирандын Израилге жаңы ракеталык чабуулдарына реакция жасаган дүйнөлүк маалымат каражаттары бул чабуул эки өлкөнүн тирешинде бурулуш учур болгонун жазышууда.

1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Иран “Садег-2” операциясынын алкагында Израилге карай 200 ракета учурулганын анын натыйжасында жөөт мамлекетинин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди.

Иран Израилге кол салуу учурунда биринчи жолу “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгонун кийинчирээк Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги билдирди.

Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз кызматы Иран Израилге 180дей ракета атканын, алардын көбү кармалып калганын билдирген. Ошол эле учурда социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон ракеталар Израилдин ар кайсы аймактарына түшүп жатканын көрүүгө болот.

Израиль армиясынын башкы штабынын башчысы Герци Халеви жооп ирээтинде сокку уруу чечими эми Израилде экенин айтты.

Иран өз кезегинде соңку чабуулга Израиль жооп кайтара турган болсо, Тегерандын реакциясы мындан да катуу жана күчтүү болорун билдирди.

Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын реакциясы

  • «Аль-Кудс Аль-Араби» жалпы араб гезити Ирандын чабуулун Израиль үчүн «болуп көрбөгөндөй чабуул» деп атап, ал «батыштын, айрыкча америкалыктардын абадан коргонуу системаларынын бардык түрлөрүнүн»  көп сандагы баллистикалык жана гиперүндүү ракеталык чабуулдарды кайтарууда алсыздыгын көрсөткөнүн белгиледи. Басылма соккуда колдонулган ракеталар Ирандын эң заманбап ракеталарынын бири, анын ичинде “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгон болушу мүмкүн экенин жазды. “Аль-Кудс Аль-Араби” материалынын авторунун айтымында, эгер Израиль чабуулга жооп кайтарса, Иран шейшембидегиден да көп жардыргыч заттар менен жөөт мамлекетине гипер үндүү ракетелар менен сокку урушу мүмкүн.
  • Arabi 21 News өткөн түнү Иран Исмаил Хания менен Сейед Хасан Насралланын өлтүрүлүшүнө жооп катары жана өзүн-өзү коргоо жана жана өлкөнүн коопсуздугун сактоо принцибинин негизинде оккупацияланган аймактардагы аскердик позицияларды жана аэропортторду 200гө жакын баллистикалык ракета менен бутага алды деп жазды.
  • The Guardian гезити Ирандын Израилге ракеталык чабуулдары көптөн бери корккон аймактык кагылыш акыры тутанганынан кабар берет деп жазды. Анын айтымында, Иран Израилге сокку уруу менен аймактагы маанилүү оюнчу жана “каршылык көрсөтүүнүн лидери” бойдон калаарын көрсөткүсү келет.
  • New York Times азыр “Жакынкы Чыгыштын заманбап тарыхындагы эң коркунучтуу учур”  келген болушу мүмкүн экенин – Иран менен Израилдин ортосундагы баллистикалык ракеталык согуш, бул эки өлкөнүн гана эмес, Америка Кошмо Штаттарынын да катышуусу менен толук масштабдуу тирешүүгө алып келиши мүмкүн экенин жазды.
  • Daily Mail Ирандын Израилге ракеталык чабуулун эки өлкөнүн ортосундагы “жаңжалдын эң драмалуу учуру” жана Жакынкы Чыгыштагы “масштабдуу согуштун катализатору” деп атаган.
  • Франциянын Figaro гезити да Ирандын ракеталык чабуулу “жаңжалда бурулуш учур” болушу мүмкүн экенин жазган.

Комментарий жиберүү