Борбор Азияны кыдырган эл аралык туристтик поезд Кыргызстанга келди

Бүгүн, 6-апрелде Борбор Азиянын беш өлкөсү аркылуу жүргөн Германиянын “Lernidee Erlebnisreisen GmbH” туроператорунун эл аралык туристтик поезди “Бишкек-2” темир жол бекетине келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 вагондон турган поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн 60тан ашык турист келди.

Алар темир жол бекетинен музыкалык ансамблдин коштоосунда тосуп алынып, кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү. Аталган иш-чара Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте уюштурулду.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы туристтик поезддин өлкө аймагындагы кыймыл графигинин так сакталышын, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылууда.

Мындай деңгээлдеги эл аралык туристтик поезддин келиши Кыргызстанды коопсуз, меймандос жана темир жол туризми үчүн жагымдуу өлкө катары таанытууга өбөлгө түзөт.