Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын ишкерлери Ирандагы эки эл аралык көргөзмөгө катышат

Ирандын Мешхед шаарында өлкөнүн эркин жана атайын экономикалык аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана экспорттук потенциалынын 8-көргөзмөсү жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Ооганстанга экспорттун эл аралык көргөзмөсү өтөт.

Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Хорасан Резави провинциясынын экономикалык иштер боюнча координаторунун орун басары Хасан Нуризаде билдирди.

Анын айтымында, бул эки эл аралык көргөзмө 22-октябрдан тарта Мешхеддеги эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу ордунда төрт күн бою өткөрүлөт.

Нуризаде белгилегендей, бул эки көргөзмөгө коңшу жана Борбор Азиядан 10го жакын өлкөнүн ишкерлери катышат.

Ооганстандан 100дөй ишкерлер жана экономика жаатындагы өкүлдөрүнөн турган эң жогорку соода делегациясы катышат жана Чабахар эркин соода аймагынын башкы директору ооган инвесторлорун өзгөчө түрдө тартуу үчүн бул аймактын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырмакчы.

Мындан тышкары, көргөзмөгө Түркмөнстандан 80дей ишкер жана экономикалык активист, Тажикстандан 21 ишкер жана экономикалык активист, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Пакистан жана башка кээ бир Борбор Азия өлкөлөрү катышат.

Алар Ирандын, өзгөчө Разави Хорасандын экономикалык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөнүн эркин жана атайын экономикалык аймактарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышат.

Комментарий жиберүү