Борбор Азия өлкөлөрү БУУнун Башкы ассамблеясынын Палестинанын мамлекеттүүлүгү боюнча резолюциясын колдошту

Борбор Азия өлкөлөрү көзкарандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү колдогон БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын колдошту.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда резолюциянын кабыл алынышына 142 мамлекет добуш берди. Алардын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Түркия жана Кытай бар. Ал эми 10 өлкө, анын ичинде Израил жана АКШ каршы добуш беришти. Дагы 12 мамлекет добуш берүүдөн карманды.

Резолюцияда Палестина автономиясы (ПА) бардык палестин аймактарын башкарууга жана көзөмөлдөөгө тийиш экени белгиленет. Мындан тышкары, Газада ок атышуу токтогондон кийин дароо өткөөл административдик комитет түзүлөрү айтылат.

Документте Израилдин Газадагы карапайым калкка жана жарандык инфраструктурага кол салуулары жана анын “кыйратуучу гуманитардык жана коргонуу кризисине алып келген курчоосу жана ачарчылыгы” айыпталат.

Ошондой эле документте 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүндө ХАМАС тарабынан жасалган чабуулдар айыпталат. Анда ХАМАС Газадагы бийлигин токтотууга, курал-жарагын Палестина автономиясына өткөрүп берүүгө жана бардык барымтага алынгандарды бошотууга тийиш экени белгиленген.

Акырында декларация мамлекеттерди Палестина мамлекетин таанууга чакырат. Ал эки мамлекеттүү чечимге жетүүнүн эң маанилүү жана ажырагыс бөлүгү деп мүнөздөлөт.

Мындан тышкары, БУУнун колдоосундагы миссияны жайгаштыруу сунушталат. Анын милдети — палестиналык жарандарды коргоо, палестин жана израилдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, Палестина автономиясына бийликти тынч өткөрүп берүүнү колдоо, ок атышуунун токтошун жана келечектеги тынчтык келишимин көзөмөлдөө болуп саналат.

Эки мамлекеттүү чечим боюнча “Нью-Йорк декларациясы” Франция менен Сауд Арабиянын демилгеси менен июль айында БУУнун баш кеңсесинде өткөрүлгөн эл аралык конференциянын жыйынтыгы болду.

Ошол эле күнү Израил резолюцияны четке кагып, ал ХАМАСка гана пайда алып келет деп билдирди.