Рио-де-Жанейронун түндүгүндө маңзат соодагерлерине каршы өткөрүлгөн полициялык рейд учурунда каза болгондордун саны кеминде 130 адамга жетти, деп жазат бразилиялык G1 басылмасы. Бул операцияны Reuters агенттиги да «өлкө тарыхындагы эң кандуу операция» деп атады.
Рейд 28-октябрда болгон. Бразилия өкмөтү расмий түрдө 64 адамдын каза болгонун билдирген, алардын төртөө полиция кызматкерлери. Бирок Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудио Кастро 58 адамдын, анын ичинде төрт полициячынын өлүмүн гана ырастады.
Эртеси күнү, 29-октябрда, жергиликтүү тургундар Сан-Лукас аянтына кеминде 72 адамдын сөөгүн алып келип, туугандары аларды таанып-билүүсү үчүн жайгаштырышкан. Премьер-министрдин аппаратынан билдиришкендей, бул сөөктөр расмий статистикага киргизиле элек, окуя боюнча тергөө жүргүзүлөт.



Бразилия бийлиги азырынча так өлгөндөрдүн санын атаган жок
«Биз бул маселеде өтө жоопкерчиликтүү болушубуз керек. Эсеп адамдын сөөгү Соттук-медициналык институтка жеткирилген учурдан тартып башталат. Граждандык полиция бул адамдардын өздүгүн аныктоодо чоң жоопкерчилик алат. Бардык сөөктөр жеткирилмейинче жыйынтык чыгара албайм. Жакында бул “сандардын согушуна” айланып кетет. Биз антип иштебейбиз», — деди губернатор Кастро.
28-октябрда полиция Рио-де-Жанейронун түндүгүндө “Тоскоолдук” аттуу операция жүргүзгөн. Рейдге болжол менен 2,5 миң коопсуздук кызматкери тартылган. Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, негизги максат — маңзат соодасын көзөмөлдөгөн Comando Vermelho аттуу кылмыштуу топтун аймактык кеңейүүсүнө бөгөт коюу жана банданын мүчөлөрү менен лидерлерине карата чыгарылган 100гө жакын камак ордерин аткаруу болгон. Натыйжада 81 адам камакка алынып, 93 курал-жарак алынган.
Операциянын чоң бөлүгү токойлуу аймактарда өткөн. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, каза болгондордун баары кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон.
«Согуш жүрүп жаткан күнү эч ким жөн эле токойдо сейилдеп жүрдү деп ойлобойм», — деди губернатор.
Полициянын бул операциясы Рио-де-Жанейрода өтө турган БУУнун климат боюнча саммити — COP30 менен байланышкан эл аралык иш-чаралар башталар алдында бир нече күн мурун өткөрүлгөн.