1988-жылдын 15-ноябрында көз карандысыздыгын жарыялаган БУУнун 193 мүчөсүнүн ичинен 147 мамлекет Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныды.
Израилдин Газа секторуна кол салышынан жана блокада киргизишинен улам аймактагы гуманитардык кризис чегине жетти. Эл аралык коомчулук Тель-Авивге болгон басымды күчөтүп жатат.
Көптөгөн мамлекеттер Палестинаны таануу чечимин Израилге кысым көрсөтүүчү саясий инструмент катары колдонууда. Алар Израилди Газага кол салуусун токтотууга жана гуманитардык кризиске чекит коюуга мажбурлоого аракет кылып жатышат.

2023-жылдын 7-октябрынан кийин дагы тогуз мамлекет Палестинаны расмий тааныган:
Барбадос, Ямайка, Тринидад жана Тобаго, Багам аралдары, Ирландия, Норвегия, Испания, Словения, Армения жана Мексика.
Жакын арада дагы төрт мамлекет таанышы мүмкүн
- Франциянын президенти Эммануэль Макрон сентябрдагы БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестинаны тааный турганын билдирди.
- Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Израил Газа боюнча шарттарга макул болбосо, Палестинаны тааный турганын билдирди.
- Канада жана Мальта 30-июлда Палестинаны тааный турганын жарыялашты.
Эгер бул өлкөлөр сентябрда расмий кадам таштаса, Палестинаны тааныган мамлекеттердин саны 150дөн ашат.
NATO жана G20 мамлекеттеринин позициясы:
- НАТОнун 32 мүчөсүнүн ичинен — 14,
- G20дан — 10 мамлекет Палестинаны тааныйт.
Коопсуздук кеңешиндеги маанилүү кадам
Франция менен Улуу Британия Коопсуздук Кеңешинин (КК) туруктуу мүчөлөрү болуп саналгандыктан, алардын таануусу өзгөчө мааниге ээ.
Буга чейин Кытай менен Россия (ошондой эле КК мүчөлөрү) Палестинаны 1988-жылдын ноябрында тааныган.
Эгерде Франция жана Британия расмий түрдө кошулса, ККнын 5 туруктуу мүчөсүнүн ичинен 4ү Палестинаны тааныйт. Бул АКШга карата басым катары каралууда, анткени АКШ вето укугун колдонуп, Палестинанын БУУдагы толук мүчөлүгүнө бөгөт коюп келет.
Түркия — биринчи тааныган мамлекеттердин катарында
1988-жылдын 15-ноябрында Палестина көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, Түркия ошол эле күнү аны тааныган жана эл аралык деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
Палестинанын тарыхый контексти:
- Палестинанын тарыхый аймактары 400 жыл бою Осмон империясынын курамында болгон.
- 1917-жылы Британия тарабынан оккупацияланган.
- 1947-жылы БУУ аймакты экиге бөлүү чечимин кабыл алган (Израилге 55%, Палестинага 45%).
- 1948-жылы Израил көз карандысыздыгын жарыялап, араб-израиль согушу башталган.
- 1967-жылы Израил алты күндүк согуш маалында калган палестин аймактарын басып алган: Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк, Газа.
- 1988-жылы ПБУ (Палестинаны бошотуу уюму) көз карандысыз Палестина мамлекетин жарыялаган.
БУУнун 1967-жылдагы 242-резолюциясына ылайык, Израил оккупацияланган аймактардан чыгып кетүүгө тийиш, бирок бүгүнкү күнгө чейин Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк жана Газа Израилдин көзөмөлүндө.