Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Польшага барса, өлкө аны камакка алышы керек, деп билдирди БУУнун атайын баяндамачысы Франческа Албанезе 10-январда жасаган билдирүүсүндө.
«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, “Эл аралык кылмыш сотунун мүчөлөрү сот камоого ордер берген адамдарды кармоого милдеттүү”, – деди Албанезе.
“Монголияны Орусиянын президенти Владимир Путинди кармай албаганы үчүн айыптаган Польша Беньямин Нетаньяхуну кармашы керек. «Мыйзамдарды тандап колдонуу көп тараптуулукту жана эл аралык адилеттүүлүктүн универсалдуулугун жок кылууга алып келет», – деп кошумчалады ал.
Польшанын борбор шаары Варшавада жума күнү өлкөнүн Беньямин Нетаньяхуга кол тийбестик ыйгарып, аны камакка албоо чечимине нааразылык билдирген демонстрация өткөн.