БУУнун атайын өкүлү Трамптын Сирияга киргизилген санкцияларды алып салуу чечимин кубаттады

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О. Педерсен АКШнын президенти Дональд Трамптын Сирияга каршы санкцияларды алып салуу ниетин кубаттаганын айтып, мындай кадамды гуманитардык абал жана өлкөнүн кайра курулушу жагынан маанилүү деп атады.

Бул маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Педерсендин айтымында, санкциянын алынышы Сирия калкынын жашоосун жакшыртуу үчүн алгылыктуу иш-аракеттерди улантуу чакырыктары менен шайкеш болду.

5

«Бул негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү, ошондой эле экономиканы жандандыруу, кеңири аймактык колдоо алуу жана өлкөнү кайра куруу процессине сириялыктарды тартуу үчүн абдан маанилүү»,- деди ал.

Эске сала кетсек,  13-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядга барган учурунда Сирияга каршы санкцияларды алып салууга буйрук берээрин жарыялаган.

Ал тиешелүү чечимди Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон кырдаалды талкуулагандан кийин кабыл алганын билдирди.

Ал эми Сириянын тышкы иштер министри Асад аш-Шейбани Сирияга каршы санкциялардын алынып салынышын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бурулуш болорун айтты.

«Сирия эли үчүн экономикалык туруктуулукка жана көп жылдык кыйраткыч согуштан кийин реалдуу калыбына келтирүүгө карай өнүгүүбүздөгү чечүүчү бурулуш учур»,- деди Гейр О. Педерсен Сана маалымат агенттигине берген маегинде