Резолюциянын долбоорун 164 мамлекет колдоду, Израиль жана АКШны кошкондо сегиз өлкө «каршы» добуш берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу жөнүндө резолюцияны бекитти.
Резолюция Россия жана Норвегияны кошкондо жети өлкө тарабынан даярдалып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын добуш берүүсүнө коюлган.
«Палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу» деп аталган резолюция долбоорун 164 мамлекет колдоду. Израиль жана АКШны кошкондо сегиз өлкө, ошондой эле чакан арал мамлекеттеринин көпчүлүгү «каршы» добуш беришти, дагы тогуз өлкө добуш берүүдөн карманды.
Резолюцияда региондогу бардык мамлекеттердин эл аралык таанылган чек аралардын алкагында коопсуз жашоого жана тынч бирге жашоого болгон укугу баса белгиленет. Ошондой эле палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу, анын ичинде көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү укугу кайрадан тастыкталган.
Документ БУУ тутумуна кирген бардык мүчө мамлекеттерди жана адистештирилген мекемелерди палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугун мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү жана жардам берүүнү улантууга чакырат.
Мындан тышкары, резолюция Эл аралык соттун Израилдин оккупацияланган палестин аймактарындагы катышуусунун мыйзамсыздыгы тууралуу консультативдик корутундусун эске салат