БУУнун Башкы катчысы Израилдин Йеменге жасаган чабуулун айыптады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израиль менен Йемендин ортосундагы эскалациянын күчөшүн айыптап, Израилдин Йемендин инфраструктурасына жасап жаткан авиасоккусуна тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун Башкы катчысы Израиль менен Йемендин ортосундагы эскалациянын курчушуун айыптап, Израилдин Сана аэропортуна, Кызыл деңиздеги портторго жана Йемендеги электр станцияларына бүгүн жасаган соккулары өзгөчө тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, соккулар көп сандаган жоготууларга алып келген, анын ичинде кеминде үч киши мерт болуп, ондогон адам жарадар болгон.

Билдирүүдө белгиленгендей, Гутерриш Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү мындан аркы эскалация тобокелдигине абдан тынчсыздануусун билдирип, бардык тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга жана сабырдуулукка чакырды.

26-декабрда Израилдин авиациясы Йемендин аймагына массалык сокку уруу менен Сананын эл аралык аэропортуна, ошондой эле Ходейда жана Рас-Иса деңиз портторуна чабуул жасаган. Мындан тышкары, соккулардын биринин бутасы ири Рас-Катниб электр станциясы болгон. “Al Masirah” телеканалынын маалыматы боюнча, Израилдин соккусунан кеминде 4 адам каза болуп, 16 киши жарадар болгон.

Сана аэропортуна кол салуу учурунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Гебрейюс анын аймагында болгон. Ал кол салууда эч кандай жаракат албаганын жана учагы Санадан учуп кетиши үчүн аэропортто келтирилген зыяндын оңдолушун күтүп жатканын айтты.

Хуситтер менен Израилдин ортосундагы тирешүү акыркы жумаларда жаңы деңгээлге чыкты. Хуситтер израилдик чабуулдарга жооп катары дээрлик күн сайын Израилге ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урууда.