Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Ладзарини Газа тилкесин “балдар көрүстөнү” деп атады.
«Биздин көз алдыбызда Газа балдардын жана ачкачылыктын көрүстөнүнө айланды», – деп билдирди ал X социалдык тармактагы баракчасында.
Билдирүүдө UNRWAнын башчысы уланып жаткан чыр-чатакка байланыштуу аракетсиздикти токтотууга чакырып, “аракет кылууга убакыт эбак келгенин” кошумчалады.
Буга чейин “Чек арасыз дарыгерлер” уюму 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдары башталгандан бери анклавда беш жашка чейинки балдардын өлүмү 10 эсеге көбөйгөнүн билдирген.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, 2023-жылдын октябрынан бери анклавда “бир жашка чейинки 916 ымыркай, бир жаштан беш жашка чейинки 4365 бала, 6 жаштан 12 жашка чейинки 6101 бала каза болгон”. Ошондой эле 17 жашка чыга элек 5124 өспүрүм набыт болгон.
6-июль күнү кечинде Катардын борбору Дохада Израил менен ХАМАСтын Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрү кайра башталды. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, биринчи айлампа жыйынтыксыз аяктаган.
Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдел Атинин мурда билдиргенине караганда, Каир башка ортомчулар – Катар жана АКШ менен бирге Газа тилкесинде 60 күндүк ок атышпоо келишиминин үстүндө иштеп жатат, анын жүрүшүндө израилдик барымтадагылар бошотулушу күтүлүүдө.