13-мартта БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик тараткан билдирүүдө Антониу Гутерриш Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол койгонун кубаттаганы айтылат.

Ошондой эле баш катчы өз ара ишенимди, коңшулук мамилелерди чыңдоо, чөлкөмдүн жана эки өлкөнүн тынч келечегин камсыз кылуу максатында мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү чыдамсыздык менен күтөрү айтылат.
Катчылыктын маалыматына ылайык, эки өлкөнү тең бул тарыхый жетишкендиги менен куттуктоо менен, ондогон жылдарга созулган сүйлөшүү процессин ийгиликтүү аяктоого мүмкүндүк берген лидерликти, чечкиндүүлүктү жана саясий эркти жогору баалайт.
«Башкы катчы өз ара ишенимди, жакын коңшулаштык мамилелерди чыңдоо жана эки өлкөнүн жана бүткүл региондун элдери үчүн тынчтык келечегин камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү уланта берет деп үмүттөнөт.
Стефан Дюжаррик, БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы.
Нью-Йорк, 13-март, 2025-жыл»,- деп айтылат маалыматта.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында кыргыз-тажик чек арасын тактаган келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин чогуу жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
Расмий маалымат боюнча эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.