БУУнун баш катчысы Сирияда зомбулукту токтотууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Сириянын жээк аймактарындагы абалдын кескин начарлашына терең тынчсыздануусун билдирди.

Ал массалык адам  өлтүрүүлөргө, инфраструктуранын кыйроого учурашына жана карапайым калктын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана медициналык кызматкерлердин өлүмүнө терең тынчсызданууда.
Бул макала Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта белгиленгендей, курман болгондордун арасында Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш боюнча агенттигинин (UNRWA) кызматкери да бар экени кабарланууда.

Гутерриш жакындарын жоготкон сириялыктарга көңүл айтып, жаңжалдын бардык тараптарын зомбулукту токтоосуз токтотууга, жек көрүүчүлүк сөздөрүнөн баш тартууга жана жарандардын корголушун камсыздоого чакырды.

Гуманитардык кризис:

Миңдеген адамдар Ливанга качышып, чыр-чатактын күчөшү эбак эле масштабдуу гуманитардык кесепеттерге алып келди.

БУУнун маалыматы боюнча, жүздөгөн адамдар набыт болду, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту жана алардын көбү коопсуздук издеп Ливанга чек арадан өтүштү. Латакия жана Тартус шаарларында мектептер убактылуу жабылып, аймакта суу жана электр энергиясы жетишсиз болууда.

Мындан тышкары, жарандык инфраструктура, анын ичинде алты оорукана жана бир нече тез жардам унаалары жабыркаган. Медициналык мекемелер тез арада дары-дармектерге жана колдоого муктаж.
БУУ иликтөөнү талап кылат

БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Фолькер Түрк мыйзам бузууларды тез арада иликтөөгө чакырды. Ал күнөөлүүлөр эл аралык мыйзамдарга ылайык жазаланышы керектигин баса белгиледи.

Башкы катчы Убактылуу бийликтердин тергөө комитетин жана жарандык тынчтыкты сактоо комитетин түзүү жөнүндөгү билдирүүсүн көңүлгө алды. Анда Сирияда туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн камтыган жана ачык өткөөл адилеттүүлүк жана жарашуу процессинин маанилүүлүгү жана шашылыштыгы баса белгиленет.

БУУнун гуманитардык өкүлдөрү да бардык тараптарды жабыркагандарга жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздоого чакырды. Бирок чыр-чатактын күчөшү гуманитардык уюмдардын ишин татаалдаштырып, негизги жолдорду тосууга алып келди.

Тынчтык процесси коркунуч астында

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен буга чейин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн болуп жаткан окуялар боюнча маалымат берип, тынчтык жараянына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ал саясий өткөөл инклюзивдик жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254 резолюциясынын негизги принциптерине шайкеш келиши керектигин баса белгиледи.

Кеңири жайылган жалган маалымат жана чыңалуунун күчөгөн шартында БУУнун Башкы катчысы эркин көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана адам укугун коргоочу уюмдардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал окуяларды билдирүүдө жана мыйзам бузууларды иликтөөдө ачык-айкындуулукка чакырды.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция ири чабуул менен Дамаскка кирип, Башар Асад Сириянын президенттигинен баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткен.

2025-жылдын январь айынын аягында Сириянын жаңы бийликтери “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун (террорчу деп таанылган жана Орусия Федерациясында тыюу салынган) лидери Ахмед аш-Шараа өткөөл мезгилде өлкөнүн президенти болуп шайланган.
Өткөн жумада мурдагы президент Башар Асадды колдогон куралдуу топтор Орусиянын Хмеймим авиабазасы жайгашкан Жебла шаарынын четиндеги Сириянын жаңы өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөл-өткөрүү пунктуна кол салышты.

Латакия жана Тартус провинцияларында коопсуздук күчтөр менен Дамасктын жаңы өкмөтүнө каршы куралдуу топтордун ортосунда айыгышкан кагылышууларда жарандар каза болгон.

Маалыматтарга караганда, ишемби күнү кечинде эле курмандыктардын жалпы саны 1018ге жетип, анын ичинде 745 жайкын тургун жок кылынган жана диний кыргындар учурунда өлтүрүлгөн.