БУУнун комиссиясы Израилди “палестиналыктарды жок кылуу” аракети үчүн айыптады

БУУнун комиссиясы: Израил 7-октябрдан бери Газадагы палестиналыктарды кырып жатканы үчүн күнөөлүү.

Израиль бийлиги 2023-жылы 7-октябрдан бери Газада “палестиналыктарды жок кылып жаткандыгы” үчүн күнөөлүү, деп билдирди БУУнун оккупацияланган Палестина аймагында көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын төрайымы Нави Пиллай.

«Израилдин Газада 7-октябрда башталган аскерий операцияларына жана кол салууларына байланыштуу, биз Израилдин бийликтери согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар жана эл аралык гуманитардык жана адам укуктарынын бузулушу, анын ичинде жарандарды жана жайкын тургундарды бутага алган атайылап массалык кыргын үчүн жооптуу деген тыянакка келдик. Объектилерди талкалоо же атайылап бутага алуу, ачарчылыкты согуш ыкмасы катары колдонуу, мажбурлап жер котортуу, палестиналык эркектерди жана балдарды гендердик куугунтуктоо, кыйноого барабар болгон сексуалдык жана гендердик зомбулук, ырайымсыз же адамгерчиликсиз мамиле жасалды”,- деди ал

Шаршемби күнү эртең менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын (OHCHR) кеңсесинин отчетунда Израил армиясы Газадагы согуш мыйзамдарын системалуу түрдө бузуп жатканын, бул согуш аракеттери учурунда карапайым калктын жоготууларын минималдаштырууну талап кылганы айтылган.

Өткөн аптада БУУнун оккупацияланган Палестина аймагын иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссиясы Израиль бийликтери 7-октябрдан бери Газада жасалган адамзатка каршы бир катар кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн жооптуу экенин билдирген.

Май айында Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурору Карим Хан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу үчүн Сотко чейинки палатага кайрылганын билдирген. Ал өз билдирүүсүндө алар 2023-жылдын октябрынан бери жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жооптуу экенин белгиледи. Андан соң АКШнын президенти Жо Байден АКШ Газа тилкесинде болуп жаткан окуяларды геноцид деп эсептебей турганын жана Хандын айыптоолорун четке кагып жатканын билдирди.

2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын жоокерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерий жана жайкын тургундарга ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.

Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган «Темир кылычтар» операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялады: суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган.

Газа Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери жасаган соккусунан каза болгондордун саны 37 миңден ашты, 85 миңден ашуун адам жаракат алды. Газа тилкеси иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлүнгөн жана Израиль Хамастын акыркы таянычы деп эсептелген Рафахта кургактыктан операцияга даярданууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга чакырды. Москванын позициясына ылайык, 1967-жылдагы борбор шаары Чыгыш Иерусалим менен Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши бекиткен формуланын негизинде гана жөнгө салуу мүмкүн.

Комментарий жиберүү