БУУ Аль-Акса мечитинде синагога куруу сунушун айыптады

БУУ Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинин ордуна синагога куруу сунушун айыптады. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.

«Мындай билдирүүлөр, жок дегенде, өтө терс натыйжа берет. Алар ансыз да чыңалган кырдаалды курчутуп жиберүү коркунучун жаратат», – деди БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик журналисттерге маалымат жыйынында.

Ал кошумчалагандай, Иерусалимдеги ыйык жерлерге байланыштуу тараптар макулдашкан статус-кво бар, аны баары сыйлаш керек. Дюжаррик абалдын мындан ары курчушуна жол бербее учун келишимди иш жузунде да, ачык билдируудө да урматтоого чакырды.

25-августта министр Бен-Гвир жөөттөр Аль-Акса мечитинде намаз окууга укуктуу экенин айтып, ал жерге синагога курууну убада кылды. Акыркы айларда ал бир нече жолу мечит комплексинде жөөттөрдүн ырым-жырымдарын өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган.

Аль-Акса мечити исламдагы үчүнчү ыйык жай болуп эсептелет. Еврейлер бул жерди «Ибадаткана тоосу» деп атап, ал жерде эки байыркы еврей храмы бар деп эсептешет.

Ислам Кызматташтык Уюму да Бен-Гвирдин билдирүүлөрүн айыптады.

ИКУ өз билдирүүсүндө “экстремисттик министрдин билдирүүлөрүн” жана израилдик отурукташуучулардын жана министрлердин Месжид-и Аксага чабуулун улантып, кордоосун Женева конвенцияларын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу катары баалайт.

Комментарий жиберүү