БУУ: Ачарчылык бир нече жуманын ичинде Газанын бүтүндөй калкын капташы мүмкүн

Эгерде Газа тилкесине азык-түлүк жеткирүү кескин көбөйтүлбөсө, бир нече жуманын ичинде анклавдын  бүтүндөй калкын ачарчылык капташы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директорунун орун басары Карл Скау Канаданын CBC телеканалындагы маегинде билдирди.

“Буга чейин БУУ тастыктагандай, Газа тилкесинин калкынын бир бөлүгү гана ачарчылыктан жапа чегип келген, бирок бул абал дагы бир нече жумага улана берсе, анда ачарчылык анклавдын бүтүндөй калкын каптайт”, – деди ал.

Скаунун айтымында, учурда Газа секторуна күнүнө болгону 100дөй азык-түлүк ташыган жүк унаасы кирип жатат.

“Бул – деңиздеги тамчыдай эле, анткени сөз 2,2 миллион адам тууралуу болуп жатат. Биз жардам жеткирүүнү олуттуу түрдө көбөйтүшүбүз керек. Февраль–март айларында ок атышууну токтотуу режиминде күнүнө орто эсеп менен 600–700 жүк унаасын киргизгенбиз”, – деп белгиледи БУУнун өкүлү.

Сентябрдын ортосунда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 1,4 миллион адам негизинен Газада жана Суданда, андан кийин Түштүк Судан, Йемен, Гаити жана Малиде азык-түлүктүн өтө олуттуу тартыштыгына туш болгонун билдирген. Уюмдун жаңыланган “Азык-түлүк кризистери боюнча глобалдык докладында” Газа секторунда ачарчылык статусу тастыкталган.