БУУ: Газаны калыбына келтирүү үчүн 53 миллиард доллар талап кылынат

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жарыялаган отчетко ылайык, согуштук аракеттерден кийин Газа секторун калыбына келтирүү үчүн 53 миллиард доллар талап кылынат.

Newsru.co.il басылмасынын маалыматына караганда, бул сумманын ичинен 22,5 миллиард доллар алгачкы үч жылдык реконструкция иштерине жумшалмакчы.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш: «Учурда Газанын муктаждыктарын так баалоо мүмкүн эмес. Бирок алдын ала эсептөөлөр көрсөткөндөй, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштерине абдан чоң ресурстар талап кылынат», – деп билдирди.

Отчетко ылайык, 2024-жылы Газанын экономикасы 83%га кыскарып, жумушсуздук 80%га жеткен. Анклавдын 74% калкы жакырчылыктын төмөнкү деңгээлинде жашайт, ал эми 2023-жылдын аягында бул көрсөткүч 38%ды түзгөн.

Документте эки негизги приоритет белгиленген:

  • Аскердик аракеттердин кесепеттеринен жарандык калкты коргоо.
  • Гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүү аркылуу элдин негизги муктаждыктарын камсыздоо.