БУУ жана Гуманитардык уюмдарга шашылыш кайрылуу

Сириянын Нубуль менен Аз-Захра аймагынын 3 миңден ашуун тургундары, алардын ичинде балдар, карылар жана аялдар “Сарийра” аймагында 5 күндөн бери ачык асман астында, өтө начар шарттарда калышты.

 Сепаратисттер аларды курчоого алышып, коопсуз жайга көчүп кетүүлөрүнө тоскоолдук жаратышууда.

Белгилей кетсек, курчоого алынгандардын арасында боюнда барлар, майыптар бар жана алар азык-түлүк, суусундук жана башка зарыл болгон нерселерге жетишпей жатышат.

Берилген маалыматтарга караштуу, алардын ондогондору белгисиз бир жайга уурдалышкан жана учурда алар тууралуу эч кандай маалымат жок.

Биз, Гуманитардык уюмдарга кайрылуу менен Нубуль жана Аз-Захра аймактарынын курчоого алынган тургундарын курчоодон куткарууларын суранабыз. Алардын сак саламатта коопсуз жайга көчүрүүңөрдү жана алардын муктаждыктарын камсыздооңорду өтүнөбүз.

Нубуль менен Аз-Захра элине боштондук!