БУУ Израилге курал-жарак берүүнү токтотууга чакырды

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Израилге курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнү токтотууну талап кылышты. Женевада жасаган билдирүүсүндө алар мындай жеткирүүлөр эл аралык кылмыштарга, анын ичинде геноцидге шериктештик катары баалашы мүмкүн экенин эскертишти.

“Израилге курал-жарактарды жана ок-дарыларды берүү адам укуктарын жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарды олуттуу бузуу болуп саналат жана мамлекеттин эл аралык кылмыштарга, анын ичинде геноцидге катышуу коркунучун жаратышы мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эксперттер курал өндүрүүчүлөр Израилге курал жеткирүүлөр экспорттук лицензияларга ылайык ишке ашырылып жатса дагы токтотушу керек деп эсептешет. Билдирүүдө төмөндөгү жеткирүүчү компаниялар көрсөтүлгөн: BAE Systems, Boeing, Caterpillar, General Dynamics, Lockheed Martin, Northrop Grumman, Oshkosh, Rheinmetall AG, Rolls-Royce Power Systems, RTX жана ThyssenKrupp.

Эксперттер белгилешкендей, бул компаниялар Израилге курал-жарактарды, тетиктерди жана ок-дарыларды жөнөтүү менен адам укуктарын жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарды олуттуу бузууга “шерик болуу” тобокелчилигине барышууда.

Алар Израилди Рафахтагы аскерий чабуулун токтоосуз токтотууну буйруган Эл аралык соттун жакында кабыл алган чечимин, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун Израилдин жетекчилерин согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптоо боюнча камакка алуу ордерлерин берүү өтүнүчүн эске салышты.

«Ушул контекстте Израилге курал-жарактарды берүүнү улантуу эл аралык адам укуктарына жана эл аралык гуманитардык укукка карама-каршы келген операцияларга атайылап жардам көрсөтүү катары каралышы мүмкүн», – деп белгиленет документте.

Билдирүүгө БУУнун 32 эксперти, анын ичинде оккупацияланган Палестина аймактарындагы адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачы Франческа Альбанезе жана саламаттык укугу боюнча Тлаленг Мофокенг кол коюшту.

Май айынын башында Пентагондун башчысы Ллойд Остин Израилге курал-жарак жеткирүүдө тыныгуу болгонун ырастап, сөз аскердик жардамдын бир партиясы жөнүндө болуп жатканын белгилеген.

Кийинчерээк АКШнын президенти Жо Байден CNN телеканалына берген маегинде Газа тилкесиндеги аскердик операция түштүктөгү Рафах шаарына жайылса, Израилге авиабомбаларды жана артиллериялык снаряддарды берүүнү токтоторун билдирген. Ага карабастан, Байдан АКШ Израилге абадан коргонуу системаларын жана башка коргонуу куралдарын берүүнү уланта берерин кошумчалаган.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен шейшембиде АКШ Израилге азырынча кароодо турган бомбалардын бир партиясын кошпогондо башка курал-жарактарды берүүнү улантып жатканын билдирди.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери анклавда 37 миңден ашуун адам каза болуп, 85 миңден ашууну жарадар болду.

Комментарий жиберүү