БУУ : Израиль Газанын түндүгүнө бара турган гуманитардык жардамдарга тоскоол болууда

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин 50 күндөн ашуун убакыттан бери курчоодо турган Газанын түндүгүнө гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоол болгонун жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин 50 күндөн ашуун убакыттан бери курчоодо турган Газанын түндүгүнө гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоол болгонун жарыялады.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) билдирүүсүндө, БУУнун Газанын түндүгүнө 6 – октябрдан 25 – ноябрга чейин гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жасаган 91 аракетинин 82си четке кагылгандыгы, 9нун да тоскоолдукка учурагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Газанын түндүгүн түзгөн Бейт Лахия, Бейт Ханун жана Жебалия шаарларында жашаган болжол менен 75 миң палестиналыктын аман калуу мүмкүнчүлүгүнүн азайганы маалымдалды.

Билдирүүдө аймакта катуу кол салуулардын уланып жаткандыгы, акыркы 3 күндө жааган жамгыр жана температуранын төмөндөшүнүн аймактагы турмуш шарттарына терс таасирин тийгизгени белгиленди.

“Курчоодогу аймактардан качкан миңдеген үй-бүлө  жууркан-төшөксүз,  суу өткөрбөгөн чатырлары жок суукта жана жамгырда жашап жатышат”,-деп айтылды билдирүүдө.

5 – октябрда Газанын түндүгүнө өзгөчө Жебалия качкындар лагерине  абадан кол салган Израиль армиясы 6 – октябрда аталган аймактарга кургактыктан кол салуу баштады.

Аймак калкын көчүүгө мажбурлаган Израиль армиясы кол салуулары менен имараттарды жана отурукташуу жерлерин талкалап, ооруканаларды бутага алып, медициналык кызматкерлерди камоого алып, медициналык жана гуманитардык жардамдардын аймакка киришине тоскоол болууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *