БУУ: Нетаньяхуда Эл аралык кылмыш сотунун ордери боюнча камакка алуудан коргоочу иммунитет жок

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Рим статутунун мүчөсү болбогон өлкөнүн өкмөт башчы катары статусу ага Эл аралык кылмыш сотунун ордери боюнча камакка алуудан коргоочу  иммунитет бербейт. Рим Статутунун бардык өлкөлөрү, эгерде ал алардын юрисдикциясында болсо, аны камакка алышы керек.

Бул тууралуу БУУнун соттордун жана адвокаттардын көз карандысыздыгы боюнча атайын баяндамачысы Маргарет Саттеруэйт Женевадагы брифингде билдирди.

Ноябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги Париж Нетаньяхунун камакка алуу ордерин аткара албасын, анткени ал Рим статутун ратификациялабаган мамлекет башчысы катары кол тийбестикке (иммунитет) ээ экенин билдирген.

Тема боюнча

Нетаньяху экинчи күн жертөлөдөгү сотто коррупция боюнча көрсөтмө берди

Нетаньяху экинчи күн жертөлөдөгү сотто коррупция боюнча көрсөтмө берди

 12.12.2024

Саттеруэйт Рим статутунун 27-беренесинде мамлекеттин же өкмөт башчысынын расмий статусу эч кандай учурда адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганы так жазылганын жана адамдын кызматтык ыйгарым укуктарына байланыштуу улуттук же эл аралык укуктан келип чыккан ар кандай иммунитеттер же атайын эрежелер  Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына тоскоолдук кылбай турганын эске салды.

Ал Эл аралык кылмыш соту жакында эле Рим статутунун мамлекеттери Эл аралык кылмыш сотунун  камакка алуу ордери боюнча издөөдө жүргөн ар бир адамды, ал мамлекет башчысы болсо да жана ал адамдын жарандыгы боюнча мамлекет Рим статутунун катышуучусу болгон-болбогонуна карабастан  аны кармап, өткөрүп берүүгө милдеттүү дегенин кошумчалады.

Эске салсак, ноябрдын аягында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты Газа тилкесиндеги согуш кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген. Эл аралык сотунун юрисдикциясы дүйнө калкынын жарымынан көбү жашаган өлкөлөр тарабынан таанылбайт. Алардын арасында Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Түркия, Азербайжан, Беларусь, Египет, Индонезия, Иран, Казакстан, Сауд Арабиясы бар. Рим статутуна 137 мамлекет кол койгон, бирок документти 124 гана мамлекет ратификациялаган.