Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Душанбеге ооган качкындарын депортациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылды.
Мындай билдирүү Тажикстан өткөн айда ондогон ооган мигранттарын талиптер көзөмөлдөгөн Ооганстанга депортациялагандан кийин жасалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын (UNHCR) маалыматы боюнча, 2024-жылдын декабрында Ооганстанга кеминде 80 ооган качкыны депортацияланган.
БУУнун өкүлү бул адамдардын көбүнүн жарактуу документтери болгонун билдирди. Анын маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына чейин Тажикстанга 9 миңге жакын ооган качкындары жайгаштырылган.
Ал арада тажик бийликтери ооган иммигранттары тажик жарандары менен бирдей укукка ээ экенин айтууда.
Анткен менен укук коргоо уюмдары кайтып келген оогандыктар адам укуктарынын бузулушуна, анын ичинде кыйноого кабыларын эскертишүүдө.
БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Тажикстандын бийлигин ооган качкындарын депортациялоону токтотууга буга чейин да чакырган.
Анда башкармалык ооган жарандарынын соңку мезгилдеги мажбурлап чыгарылышына тынчсыздануусун билдирип, Душанбени мындай аракеттерди дароо токтотуп, эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырган.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айынын башында Тажикстан коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 70тен ашуун ооганды депортациялаган. Алар негизинен 18 жаштан 50 жашка чейинки эркектер жана алар Төмөнкү Пянж-Шерхон Бандар чек ара бекети аркылуу Ооганстанга чыгарылган. Депортациялоо чечими рейддерден кийин кабыл алынганы, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери ооган качкындары тарабынан коомдук тартипти жана жүрүү эрежелерин бузган учурларды аныкташканы маалымдалган.
Өлкөдөн чыгарылгандар мушташуу, узун сакал өстүрүү, бөтөндөрдүн кийимин кийүү, жергиликтүү аялдарга тийишүү, ал тургай, экстремизмди жана диний фундаментализмди пропагандалоо, ошондой эле мыйзамсыз заттарды, анын ичинде баңги таблеткаларын таратуу сыяктуу иштерге тиешеси болгонун республиканын укук коргоо органдарындагы булактар билдирген.
Ооганстанга кайтып барган оогандарды өз мекенинде да жакшы кабыл алышпайт. Талибан Төмөнкү Пянж чек ара бекетинен 10 гана адамды өткөргөн, калгандары Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна мүчө деген шек менен кармалган.
БУУнун миграциялык уюмунун маалыматы боюнча Тажикстанда 10 миңдей качкын жашайт, алардын арасында Ооганстандын жарандары да бар.