Быйылкы ажылык сапарында 1,3 миңден ашуун зыяратчы каза болду

Быйыл Сауд Аравиядагы мусулмандардын ыйык жерлерине ажылык сапары учурунда 1300дөн ашуун зыяратчы каза болду. Бул тууралуу Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министри Фахд аль-Жалажиль жекшемби күнү кечинде саудялык “Аль-Ихбария” телеканалында билдирди.

«Ажылык учурунда 1301 зыяратчы табигый себептерден каза болду, алардын 83%дан ашыгы каттоодон өткөн эмес», – деди ал.

Анын айтымында, өздүгү такталган маркум зыяратчылардын сөөгү Меккеде коюлган. Учурда Сауд Аравиянын бийликтери “маркумдарды аныктоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн керектүү процедураларды” ишке ашырууда.

Ал белгилегендей, каза болгон зыяратчылардын көбү улгайган адамдар жана ошондой эле өнөкөт оорулар менен жабыркагандар.

Министр каттоодон өтпөгөн дагы 95 бейтап зыяратчынын дагы эле Падышалыктын ооруканаларында дарыланып жатканын, алардын кээ бирин дарылануу үчүн борбор шаар Эр-Риядга учак менен жеткирилгенин айтты.

Ал белгилегендей, ажылык учурунда Сауд Аравиянын дарыгерлери зыяратчыларга 30 миң жолу тез медициналык жардам көрсөтүшкөн, ал эми ырым-жырымдар жасалган жерлерге 6,5 миң керебеттер коюлган.

Быйыл ажылык амалдары 14-июндан 19-июнга чейин аткарылды.

Каза болгон зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок экенин буга чейин муфтияттан тастыкташкан. Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 6060 квота бөлгөн. 23-июнь Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош шаарына кайтып келишти.

Комментарий жиберүү