Үстүбүздөгү жылы октябрь айында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
![](https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/06/16715295862998410427_1200x630.730x0.jpg)
Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуп, октябрь айында Бишкекте өтүүчү ТМУнун кезектеги 11-саммитин кеңири талкуулашты.
Министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда ТМУ катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.