Волгоградда түрмөдө адамдарды барымтага алгандар жок кылынды. Видео

Росгвардиянын снайперлери 23-августта Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөдө барымтага алынган кызматкерлерди бошотту.

Жума күнү күндүз колонияда жазасын өтөп жаткан төрт соттолуучу тартип комиссиясынын отуруму учурунда кызматкерлерди барымтага алышкан.

Тополоңдо түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФСИН) билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышкерлер колониянын сегиз кызматкерин жана төрт соттолуучуну барымтага алып, төрт кызматкерге бычак менен ар кандай деңгээлдеги жаракат келтиришкен.

Росгвардия барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын күчтөрдүн ыкчам операциясынын кадрларын көрсөттү.

Видеоплеер

00:00

00:18

Колонияда тартип орнотулганын Суровикинский муниципалдык округунун башчысы Роман Слива билдирди.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, барымтага алгандардын экөө Тажикстанда, дагы экөө Өзбекстанда туулган. Бирок азырынча бул маалымат расмий ырастала элек. Алардын үчөө баңги затын сатуу, дагы бирөө мушташ учурунда киши өлтүрүп  соттолгон, деп айтылат соттун өкүмүндө.

Тергөө комитети барымтага алуу фактысы боюнча иш козгоду. Колонияда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Прокуратура түрмөдөгү талаптардын сакталышын текшерет.

Комментарий жиберүү