Газадагы кылмыштын сионисттик режимге кымбат болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек

Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кани Газа тилкесиндеги басып алуу жана кылмыштуулуктун сионисттерге кымбат болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керектигин айтып, Израил менен тирешүү куралдуу кагылышуу менен чектелбеши керектигин баса белгиледи.

IRNA агенттигинин билдиргенине караганда, Багери бул тууралуу Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен Катардын борбору Дохада болгон жолугушуусунда билдирди.

Ирандын башкы дипломаты Палестина элинин баатырдык каршылык көрсөтүүсүн мактап, Ислам Республикасынын түрдүү ареналарда каршылык көрсөтүүнү колдоо үчүн таштаган кадамдарына кеңири токтолду.

Хание Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылына Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Сейед Али Хаменеиге, Иран элине жана өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Хамастын басма сөз катчысы мындай деп билдирди: «Сионисттик режимдин акыркы 8 айда Газа тилкесинде палестиналыктарга каршы жасаган геноцид жана ырайымсыз кылмыштарына карабастан, Палестина эли баскынчыларга туруктуу каршылык көрсөтүүдө.

«Израилдеги саясий, эл аралык жана аймактык кырдаал, Батыштагы, өзгөчө АКШдагы израилдик кылмыштарга каршы коомдук пикирдин өзгөрүшү, ошондой эле Ливандагы жана Йемендеги окуялар аймактын жаңжалдан мурунку абалына кайтып келе албастыгын көрсөтүүдө»,-деди ХАМАСтын башчысы.

Хания ошондой эле Хамастын Газадагы согушту токтотуу сунуштары боюнча принципиалдуу позициясын баса белгилеп, Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы бардык палестиналыктардын кызыкчылыгына кызмат кылган демилгени кубаттай турганын айтты.

Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери 19-июнда Катардын борбору Дохага барып, Катардын жогорку жетекчилери менен жолугуп, баарлашкан.

Багеринин Доха сапарынын негизги максаты – Газадагы сионисттик режимдин кылмыштарын жана геноциддерин токтотуу үчүн ислам дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо жана Газа тургундарына тез арада жардам көрсөтүү боюнча Катар бийлиги менен кеңешүү жана пикир алмашуу болду.

Комментарий жиберүү