Газада биринчи жолу катастрофалык ачарчылык абалы жарыяланды

Газа тилкесинде биринчи жолу катастрофалык ачарчылык абалы жарыяланды.

Бул тууралуу БУУнун системасындагы агенттиктер менен гуманитардык уюмдун биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

“Газа тилкесинде жарым миллиондон ашуун адам алдын алууга мүмкүн болгон жетишсиз тамактануу, жакырчылык жана өлүмдөр менен мүнөздөлгөн ачарчылыктын капканында калды”, — деп жазылган БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тараткан билдирүүдө.

Баалоолорго ылайык, сентябрдын аягына чейин Газа тилкесинде 640 миңден ашуун адам катастрофалык деңгээлдеги тамак-аш тартыштыгына туш болот. Бул БУУнун классификациясы боюнча эң жогорку — бешинчи фаза болуп эсептелет. Мындан тышкары, дагы 1,14 миллион адам өзгөчө кырдаал абалында калат, ал эми 396 миңи кризистик абалда болот.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсесинин өкүлү Жереми Лоренс Израил бийликтери Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн токтоосуз чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдын киришине уруксат бериши керектигин билдирди.

“Газадагы ачарчылык Израилдин атайылап жасаган иш-аракеттеринин түздөн-түз кесепети. Ачкачылыкты согуш куралы катары колдонуу – согуш кылмышы. Израил бийлиги Газа тилкесиндеги ачарчылыкты токтотуу үчүн тез арада чара көрүп, бардык гуманитардык жардамдын киришине уруксат бериши керек”, – деди ал журналисттер үчүн болгон брифингде.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Газада ачкачылыктан каза болгондордун саны 271ге жетти, алардын 112си балдар.

“Гидеондун арабалары 2” операциясы

Күн мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерий жетекчиликтин Газа шаарын көзөмөлгө алуу жана ХАМАСты жок кылуу планын бекиткен. Андан мурунку күнү Израил армиясы шаарга чабуулду баштаган. “Галей ЦАХАЛ” радиосунун маалыматына ылайык, операция 2026-жылга чейин созулат. Анын жүрүшүндө 130 миңге чейин резервдеги аскерлер тартылат.

Август айынын башында Нетаньяху Газанын толук аймагын көзөмөлгө алуу ниетин билдирген. Анын айтымында, бул “коопсуздук периметрин камсыз кылуу” үчүн зарыл. Кийинчерээк Израил өкмөтү анклавды жарандык башкарууга өткөрүүнү пландап жатат.

Эл аралык реакция жана тынчтык демилгеси

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Египет менен Катар, Израилдин планын айыпташты. Өткөн жумада алар ХАМАСка 60 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун беришкен. Бул келишим акырындап толук тынчтыкка алып келиши керек.

Сунуш боюнча, 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган израилдик туткундардын жарымы бошотулуп, анын ордуна айрым палестиналык туткундар эркиндикке чыгат. ХАМАС бул демилгени колдоду, бирок Израил тарап азырынча жооп бере элек.