Газанын өкмөтү: Кечээ 173 жүк ташыган унаа гуманитардык жардам менен анклавга кирди

Келип жаткан жардам 2,4 миллион калк үчүн жетишсиз бойдон калууда.

12-октябрдан бери Газа секторуна 173 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам алып келди. Алардын ичинен 3 унаа — газ баллондору, ал эми 6 — күйүүчү май  жүктөлгөн. Бул тууралуу 13-октябрда Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, келип жаткан жардам калктын муктаждыктарына караганда кыйла аз жана 2,4 миллион элдин жада калса эң негизги керектөөлөрүн да камсыздай албайт.

Газа секторунда азыр деле күйүүчү майдын, ашкана газынын жана азык-түлүктүн курч тартыштыгы сакталып турат. Өкмөт анклавга көбүрөөк жана үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Тынчтык келишими жана туткундарды алмашуу

АКШнын президенти Дональд Трамп 9-октябрда Израил жана ХАМАС Египетте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Газа боюнча ок атышууну токтотуу планынын биринчи этабын бекитишкенин жарыялады.

10-октябрда Израил өкмөтү АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган ок атышууну токтотуу келишимин расмий түрдө колдоду.

Израилдик расмий телекомпания KAN маалымдагандай, өкмөт мүчөлөрүнүн көбү бул келишимди жакташкан, бирок беш министр — анын ичинде улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир жана каржы министри Бецалель Смотрич каршы добуш беришкен.

Израил армиясы келишимге ылайык “сары сызыкка” чейин артка тартылгандан кийин, ок атышууну токтотуу 12:00дө күчүнө кирди.

Жоготуулар

2023-жылдын 8-октябрынан тартып ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөнгө чейинки мезгил аралыгында Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан 67 682 адам каза болуп, дагы 170 033 адам жаракат алган.