Газа тилкесинин аймагындагы Израил армиясынын эки жылдык аскердик операциясынан кийин жарылбай калган миналарды жана снаряддарды жок кылуу процесси 30 жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу курчоого алынган Палестина анклавында БУУнун колдоосу астында иш алып барган эл аралык бейөкмөт уюмдун өкүлү билдирди.
Анын айтымында, Газанын аймагы “миналар талаасына” айланып калган.
“Израил күчтөрүнүн аткылоолору жана бомбалоолорунын натыйжасында калган жарылбаган снаряддар менен бомбаларды толугу менен тазалоо 20–30 жылга чейин созулат”, — деп билдирди уюмдун өкүлү Maan агенттигине.
Ал белгилегендей, бардык жарылбаган ок-дарыларды зыянсыздандыруу дээрлик мүмкүн эмес, анткени алардын көпчүлүгү жердин терең катмарларында жатат.
“Жер үстүндө жаткан жарылуучу заттарды издөө жана зыянсыздандырууга гана бир муундун өмүрүнө тете убакытты талап кылат”, — деди ал.
Мындан тышкары, ал Израил бийлиги Газада жарылбай калган снаряддарды издөө жана жок кылуу үчүн зарыл болгон техниканы киргизүүгө уруксат бербей жатканын кошумчалады. Ошондой эле, бейөкмөт уюмдар жарылуучу заттарды коопсуз түрдө өрттөп жок кылууга арналган атайын жабдууларды жеткирүүгө да макулдук ала алышкан эмес.
Буга чейин жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу жана миналардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча адистешкен Handicap International эл аралык бейөкмөт уюмунун өкүлү 2023-жылдын октябрь айынан берки согуш аракеттеринин жүрүшүндө Израил күчтөрү Газанын аймагына болжол менен 70 миң тонна снаряд жана бомба таштаганын билдирген. БУУнун адистешкен түзүмүнүн анализине ылайык, алардын 5%дан 10%га чейинкиси жарылбай калган.
Газанын администрациясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, азыркы тапта кыйраган имараттардын урандыларынын астында жана көчөлөрдөгү үйүлмөлөрдө кеминде 20 миң жарылуучу зат бар. Алардын ичинде артиллериялык снаряддар, мина, бомба жана ракеталар бар. Бул жарылбай калган снаряддар үйлөрүнө кайтып жаткан тургундар үчүн да, урандыларды тазалоо иштерине катышкан жумушчулар жана адистер үчүн да чоң коркунуч жаратат.
6-октябрда Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу астында Газа боюнча абалды жөнгө салуу максатында кыйыр сүйлөшүүлөрдү кайра башташкан. 9-октябрда тараптар АКШ президенти Дональд Трамп сунуш кылган тынчтык планынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге жетишкен. Газада ок атышууну токтотуу келишими 10-октябрдан тарта күчүнө кирген.