Израилдин чабуулдарынан жана гуманитардык жардамдын жетишин чектеген катаал блокададан жабыркап жаткан Газа тилкеси оор гуманитардык кризисти башынан өткөрүүдө. Бул кризис ачарчылыктын жайылышы, суунун жана гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги менен мүнөздөлөт.
Газа тилкесинде ачарчылыктан улам, айрыкча балдар арасында, каза болгондордун саны өсүп жатат. Жергиликтүү жана эл аралык булактар Израилди «ачарчылык менен суусоону курал катары колдонуп жатат» деп айыпташууда.
Газада 8 айлык наристе ачарчылыктан көз жумду
Израилдин блокадасынан улам гуманитардык жардам жетпей жаткан Газа тилкесинде дагы бир 8 айлык наристе ачарчылыктан көз жумду.
Ооруканадан алынган маалыматтарга караганда, 8 айлык Нур Рияд Ахзик Газа шаарындагы Шифа ооруканасына жетиштүү азыктанбай калуу жана ачарчылыктан өтө начар абалда жеткирилген.
Медициналык кызматкерлер жардам көрсөткөнүнө карабастан, наристенин абалы улам начарлап, керектүү жабдуулардын жана дары-дармектердин жоктугунан улам анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, 2023-жылдын 7-октябрында башталган Израилдин чабуулдарынан бери Газада ачарчылык жана жетишсиз тамактануунун айынан 113 адам каза болду, алардын ичинен 81и – балдар.