Газа жашоого жараксыз болуп калды

Газанын тургундары 7-октябрда Израилдин аскердик операциясы башталган күндүн экинчи жылдыгын тосуп алышууда. Эки жыл мурун башталган бул операциянын жүрүшүндө Израилдин бомбалоолорунан улам сектор аймагындагы турак жайлардын жана инфраструктуранын 95%ы кыйраган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Газа “жашоого жараксыз” болуп калды. Бул тууралуу россиялык РИА Новости агенттиги маалымдады.

Газадагы өкмөттүк маалымат кеңсесинин маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери Израил армиясы секторго 200 миң тоннадан ашуун жардыргыч зат таштаган. Ошол эле булактардын баалоосу боюнча, Газадагы кыйроолордун деңгээли болжол менен 90%га жеткен. БУУнун 6-августта жарыяланган спутниктик сүрөттөрүнө караганда, сектордогу имараттардын 78%ы зыян тарткан, алардын жарымынан көбү толугу менен талкаланып жок болгон.

“Эки жылдык согуштан кийин Газа бардык жагынан кыйраган катастрофалык аймакка айланды. Азыр бул жерде инфраструктура таптакыр жок — ал толугу менен талкаланды. Көпчүлүк имараттар жарым-жартылай же толугу менен урап түшкөн. Израилдин аба соккулары болжол менен 45 миллион тонна урандыларды жаратты. Үйлөрдүн 20%ы гана жашоого жарактуу, ал да согуш уланган сайын азайып баратат”, — деди Дейр-эль-Балах шаарындагы жарандык коргонуу кызматынын башкы директору, бригадалык генерал Рами аль-Айди агенттике берген маегинде.

Анын айтымында, жарандык коргонуу кызматы чоң жоготууларга учураган: 22 борбордун ичинен болгону 5и гана иштеп жатат, калганы толук кыйраган. Куткаруу унааларынын 75%ы жок кылынган, көптөгөн куткаруучулар курман болуп же жаракат алышкан. Калган кызматкерлер өтө оор шартта, минималдуу ресурстар менен ишин улантууда.

Өкмөттүн маалымат кеңсесинин маалыматы боюнча, сектор боюнча 38 оорукана толугу менен кыйраган же иштебей калган. Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Халиль ад-Дакрани билдиргендей, абал өтө оор.

“Сектордогу 38 оорукананын 25и ишин токтотту, ал эми калгандары жарым-жартылай гана иштеп, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетишсиздигин башынан кечирүүдө. Азыркы учурда үч мамлекеттик оорукан гана иштеп жатат — Нассер (түштүктө), Шухада аль-Акса (борбордук аймакта) жана аш-Шифа (Газанын борборунда)”, — деди ал.

Газа администрациясынын маалыматтык кеңсеси да 2700 үй-бүлө толугу менен жок кылынганын жана жарандык каттоолордон өчүрүлгөнүн билдирди. Тамак-аш жана медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам 12 миңден ашык боюнан түшүү учурлары катталган. 460 адам ачарчылык жана жетишсиз тамактануудан көз жумган.

“Эки жыл ичинде 1 800дөн ашык медицина кызматкери курман болду, 3,5 миңден ашууну жаракат алган, 361 кызматкер азыркыга чейин Израилдин түрмөлөрүндө кармалууда. Жалпы каза болгондордун саны 66,5 миңден ашты, алардын 19 миңи — балдар. Жаракат алгандардын саны 167 миңден ашык, көбү оор майып болуп калды”, — деп кошумчалады ад-Дакрани.

Газанын өкмөттүк маалыматтык кеңсесинин эсептөөсү боюнча, экономиканын 15 негизги тармагы боюнча түз жоготуулар 70 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен 5 млрд — саламаттыкты сактоо, 4 млрд — билим берүү, 25 млрд — турак жай тармагынын үлүшүнө туура келет. Калганы өнөр жай, айыл чарба, маалымат каражаттары, байланыш, диний жана маданий мекемелерге тиешелүү.

Жергиликтүү бийликтин акыркы эсептөөлөрү боюнча, Израил армиясы Газадагы айдоо жерлеринин 94%ын, 700 км суу түтүк жана канализация системасын, ошондой эле 3 миң чакырым жолду кыйраткан.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Маджди Бархумдун айтымында, Газадагы мектептердин 95%ы жарым-жартылай же толугу менен бузулган, согуштун эки жылында 18 миң окуучу жана 1 миң мугалим курман болгон.

“Биз 30 мектепти мугалимдери жана окуучулары менен кошо жоготтук — алар билим берүү реестринен чыгарылды. 95% мектеп ишин токтоткон, калган аз бөлүгү качкындарды жайгаштыруучу борборго айланды. 170 имарат толук кыйраган, 118и жарым-жартылай. UNRWA агенттигине караштуу 100дөн ашык мектеп да жок кылынды”, — деди Бархум.

Ал белгилегендей, Газада 650 миңге жакын окуучу билим алуу укугунан ажырады.

6-октябрда египеттик Al Qahera News телеканалы, Египетте Израиль жана ХАМАС өкүлдөрүнүн ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр башталганын маалымдаган. Египет жана Катар ортомчулары туткундарды жана барымтадагыларды бошотуу механизмин иштеп чыгууда. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 7-октябрда өттү.

АКШ президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча 20 пункттан турган планын жарыялаган. Анда ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды 72 сааттын ичинде бошотуу сунушталган. Планга ылайык, ХАМАС жана башка топтор Газаны түз же кыйыр башкаруудан баш тартуусу керек, секторду Трамп өзү жетектеген эл аралык көзөмөл алдындагы технократтык өкмөт башкарат.

2023-жылдын 7-октябры күнү эртең менен ХАМАС кыймылы Израилге каршы “Аль-Акса бороону” деп аталган ири масштабдуу операцияны баштаган. Анын жоокерлери Израилдин түштүк аймактарына кирип барып, 250дөй адамды барымтага алышкан. Алар ракеталарды, бульдозерлерди, мотоциклдерди, парапландарды жана кайыктарды колдонушкан. Алгачкы эки күндүн ичинде Израиль армиясы (ЦАХАЛ) менен ХАМАС жоокерлеринин ортосунда катуу салгылаш болгон.

Израиль тараптын маалыматына ылайык, ошол күнү болжол менен 1 200 адам каза болуп, 3 000ден ашууну жаракат алган. Барымтага алынгандардын жалпы саны 253 адамды түзгөн.

Окуядан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул абалды “согуш” деп атап, “Темир кылыч” аттуу жооп операциясын баштаганын жарыялаган. Ошол эле күнү Израиль артиллериясы жана аба күчтөрү Газа тилкесин массалык түрдө бомбалоого киришкен. Андан бери аскердик аракеттер ушул күнгө чейин уланып келет.