Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бир нече сааттан кийин маалымат каражаттары гуманитардык жардам бир нече өткөрмө бекеттер аркылуу жеткириле баштаганын кабарлашты.
«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, Al-Mayadeen телеканалы гуманитардык жүк ташыган жүк ташуучу унаалар Рафах өткөөлү аркылуу Газа тилкесине киргенин кабарлады.
Al Arabiya телеканалы да ок атышпоо түзүлгөндөн кийинки алгачкы сааттарда гуманитардык жардам ташыган 200 жүк ташуучу унаанын Рафах өткөөлү аркылуу Газа тилкесине киргенин билдирди.
Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы: «Биздин жүк ташуучу унаалар Газа тилкесине эки өткөөл – Эрез жана Керем Абу Салем тилкесинин түндүгүндөгү өткөөлдөрү аркылуу кирет», – деп билдирди.
Катардын Тышкы иштер министрлиги да Газа тилкесине бул өлкөдөн күйүүчү май ташыган 25 жүк ташуучу унаа киргенин кабарлады.
Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам берүү жана иштөө бюросунун (UNRWA) комиссары Филипп Лазарини : «Азык-түлүк жана буудай ташыган 4000 жүк ташуучу унаа Газага кирүүгө даяр», – деп билдирди.