Гаити калкынын жарымы кылмыштуу топтордун аракетинен улам ачарчылыкка кабылды

Жаңы отчетто Гаитиде 5,41 миллион адам “азык-түлүк коопсуздугунун жогорку деңгээлин” башынан кечирип жатканы жана кылмыштуу топтордун согуштары жана инфляция кризистин негизги себептери экени айтылат, деп жазат Zakon.kz.

Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Гаити калкынын дээрлик 48% куралдуу бандалардын тынымсыз зордук-зомбулуктарынан улам катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда.

Дүйшөмбү күнү жарыяланган Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазалык классификациясы (IPC) отчетунда Кариб деңизиндеги кризистен жабыркаган өлкөдө 5.41 миллион адам 2024-жылдын августунан 2025-жылдын февралына чейин “курч тамак-аш коопсуздугунун жогорку деңгээлине” туш болгон.

Жалпы өлкө калкынын ичинен 6000 адам “ачарчылыктын катастрофалык деңгээлин башынан кечирүүдө” деп эскертти дүйнөлүк ачкачылыкты көзөмөлдөөчү уюм.

“Гаити күнүмдүк жашоону үзгүлтүккө учураткан куралдуу бандалык зордук-зомбулуктун коркунучтуу деңгээли менен, дагы эле күчөгөн гуманитардык кризиске туш болуп, көбүрөөк адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылууда жана азык-түлүк коопсуздугу курчуп баратат”, – деп айтылат докладда.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык аракеттерге жана жаңы өкмөт дайындалганына карабастан, өлкөдө  ачкачылык дагы эле уланууда.

Буга чейин башка да дүйнө жүзүндөгү кырсыктар белгилүү болгон. Селден улам Непалда мектептер массалык түрдө жабылууда.

Комментарий жиберүү