Германиядагы Volkswagen автоунаа  заводу жабылды

Volkswagen тарыхындагы 90 жылдан бери биринчи жолу өлкөдөгү заводун жапты. Бул акыркы жылдары жашыл энергияга басым жасап, электр унааларын чыгарып келе жаткан Дрезден заводу.

Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.

Белгиленгендей, акыркы жылдары Германиянын автоунаа өнөр жайы чоң жоготууларга учурап, чыгымдар өсүп жатат.

5

“Мен абдан өкүнүп жатам. Учурунда технологияга көп эмгек жана акча жумшаганбыз. Биз заводду аман калат жана келечеги болот деп үмүттөндүк. Бирок тилекке каршы, бул биз күткөн ийгиликти алып келген жок”,- деген заводунун куруучусу Вильгельм Корс.

Заводдун жабылышы бир катар факторлордун натыйжасы болгон. Россияга каршы санкциялар, арзан газдан баш тартуу, өндүрүштүн кымбатташы жана Кытайдын жогорку технологиялуу автомобиль өнөр жайынан толук артта калуу. Мындан тышкары, суроо-талап дагы азайган.

Учурда Volkswagen компаниясынын өзүнөн эле 35 000 жумуш ордун кыскарып, жалпысынан быйыл Германиянын машина куруу тармагында ай сайын он миң адам жумуштан бошотулган. Өнөр жай үчүнчү жыл катары менен төмөндөп жатат.

Заводдун жумушчу кеңешинин төрагасы Томас Элиг азыр токтоп турган рыноктогу жаңы пайда болуп жаткан атаандаштарды карап көрүүдө Европада өсүштү көрбөй тургандыгын айткан.

“Европанын автомобиль өнөр жайы үчүн олуттуу кыйынчылыктар жаралат”, – деген Томас Элиг.

Volkswagen Groupтун 2025-жылдын тогуз айындагы кирешеси 58%, ал эми Mercedes аны эки эсеге кыскарткан. 2019-жылдан бери Германиянын автомобиль өнөр жайындагы кризис дээрлик 120 миң жумуш ордун жоготууга алып келген.

Кошумчалай кетсек, Financial Times гезити да Volkswagen Дрездендеги заводду жабууну пландап жатканын жана мындай чечимге Кытай жана Европадагы сатуулардын төмөндөшү, ошондой эле АКШдан келген жогорку импорт тарифтери себеп болгону жазылган.

Басылма июль айында Россия-Германия Тышкы соода палатасынын (VTC) мүчөсү, Bavaria-Bau курулуш компаниясынын жетекчиси Вальдемар Эберхардт орус жарандарынын немис автомобиль өнөр жайына болгон кызыгуусун жоготкондугун билдиргенин жазган.